www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташып, бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатканын белгиледи. 

«Андыктан, биз калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүп, экология, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу, тоо тутумун жакшыртуу өңдүү тармактарда кызматташууга кызыкдарбыз. Ал эми Жогорку Кеңеш айрым мыйзам актылары боюнча пикир алмашып, консультациялык кеңештерди алууга артыкчылык беребиз», – деди Төрага. 

Буга жүйө катары мамлекеттик сатып алууларга байланышкан мыйзамдарды жакшыртуу маселесине токтолду. 

Ал эми Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Риддел аталган мыйзамга карата айрым пикирлерин айтып, аны жакшыртуу жаатында сунуштары менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Тагыраагы, тараптар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, киргизилген соңку өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашты. 

Последние новости