www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ШИИБдин "Сулайман-Тоо" милиция бөлүмүнүн кызматкери акча каражатын опузалап талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ШИИБдин «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.А.Ж. тарабынан акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды.

 Тактап айтканда, көрүлгөн чаралардын натыйжасында, М.А.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жараны А.Х.Д.дан ага карата катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын карап чыгуу маселеси боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн 200 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, Ош ШИИБдин «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.А.Ж. акча каражаттарын алып жаткан учурда кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Последние новости