www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусундагы Ноокат районунун судьясы кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.
Шектүү - А.Г.А. Иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», ошондой эле «Сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу» беренеси боюнча катталган.
Судьянын аты-жөнүнүн инициалдарына Абылкасымова Гүлнара Абдымыктаровна туура келет. 54 жаштагы Абылкасымова судьялык карьерасын 2016-жылы Талас райондук сотунда баштаган. 2020-жылы Абылкасымова Октябрь райондук сотуна которулган, ал эми 2022-жылдын апрель айында Ош облусунун Ноокат райондук сотуна ротацияланган.
Расмий маалымат боюнча, Ноокат РИИБ тарабынан 707 гр салмактагы баңгизат сатуу учурунда Н.И. кармалган. Анын жашаган жеринен 2 кг (гашиш) баңгизат табылган. Бирок судья А.Г.А. чечим чыгарып жатканда ишти сатуу максатында баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо беренсинен сатуу максаты жок баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо беренсине квалификациялаган. Андан кийин айыпталуучу Н.И. чет өлкөгө качып кеткен.
2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши судья А.Г.А.ны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
21-июнда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 352-беренесинин 1-бөлүгү (атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу) боюнча судьяга айып тагылып, үй камагына чыгарылды.