www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан турак жайларды курууда өлкө мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө президенттин жакын тууганынын атын жамынып алып, 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган «Памир-Строй» курулуш компаниясынын жооптуу адамдарына карата маалыматтар алынган.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы курулуш компанияларынын биринин ээси жер тилке ээси менен көп кабаттуу турак жай комплексин үлүштүк негизде куруу келишимин түзгөндүгү аныкталган Бирок, 2024-жылы мамлекеттик органдар тарабынан сот органдарына жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө доо арыз берилип, мындан улам турак жай аянтынын 10 пайыздык бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылган.

Түзүлгөн кырдаалдан жеке материалдык пайда табууну көздөгөн шектүү жер тилкесине тиешелүү маселелерди биротоло чечүү үчүн президенттин жакын тууганына берүү зарылдыгын шылтоолоп, 500 миң АКШ долларын алган.

Последние новости