www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Подряддык уюмдун жетекчиси «К.Н.К.» кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун С.Чокморов айылдык аймагынын Мраморное айылына фельдшердик-акушердик пунктун (ФАП) жана жер астынан өткөн саркынды суулар (канализация) тармактарын курууга жана реконструкциялоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды «ВИТУ-ВИИТ» жана «АКААНА» ЖЧКлары тарабынан ыйгарып алуу фактылары аныкталган.

Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 15 миллион 309 миң 360 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «ВИТУ-ВИИТ» жана «АКААНА» ЖЧКнын жетекчиси «К.Н.К.» КР КЖПК 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости