www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Р.М.Т. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Р.М.Т. 2004-жылы Баткен мамлекеттик университетинде окугандыгы тууралуу жасалма академиялык маалым катты пайдаланып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырган.
2005-жылы кайра Ош мамлекеттик юридикалык институтуна которулган. Р.М.Т. жасалма академиялык маалым катты колдонуу менен жогорку билим жөнүндө дипломго ээ болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (Диплом жасалмалоо) 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Президенттин Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү — Рахимов Мамыржан Тойчиевич.
Булак: NazarNews.kg