www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК мурда маалымдагандай, Кумтөр долбоору боюнча, Ведомстволор аралык тергөө тобу 2017 -жылы Кумтөр долбоору боюнча стратегиялык келишимдин түзүлүшүнө байланышкан окуялардын активдүү этабын баштады.
Комиссиянын жагдайын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында, айрым жогорку кызмат адамдарынын кылмыштуу иш аракеттерин иликтөө менен белгиленген, зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Буга байланыштуу, кылмыш ишине тиешелүү окуялар боюнча, 2017 -жылы өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын 12-августунда күбө катары суракка чакырылды.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши боюнча күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган бардык айыпталуучулардын аракеттери, УКМК С.Жээнбеков менен тергөө аракеттерин улантарын белгилейт.
Тергөөнүн жыйынтыгында, күнөөсү тергөө тарабынан аныкталган кылмыш иши боюнча бардык айыпталуучулардын аракеттерине, ээлеген кызматына, сиңирген эмгегине карабастан, объективдүү юридикалык баа берилмекчи. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Булак: NazaNews.kg