www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш ишинин алкагында «Шагыл-Кум Кереге-Таш» ЖЧКсынын жетекчиси З.Б.З. жер, кен жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуп, кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты мыйзамсыз казып алууну уюштурганы аныкталган.
Мунун кесепетинен жерлер бузулуп, жараксыз абалга келген. Ошондой эле бузулган аймактарды калыбына келтирүү боюнча рекультивациялык иштер жүргүзүлгөн эмес.
Жыйынтыгында мамлекетке 5 млн 513 миң 904 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууга байланыштуу башка фактыларды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.