www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Жээнбековдун уулу чет өлкөгө чыга алат

Равшан уулу Азаттын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынды деп Сеид Атамбаевдин айткан сөзү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Жаран А.Равшан уулунун Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүрүү жана жүрүү эркиндигине болгон конституциялык укугу УКМК тарабынан чектелген эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттин жыйынында депутат Атамбаев Равшан Жээнбековдун уулу Азатка өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын айтып, бул маселени чечип берүүнү өтүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости