www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинаны НАТО капсалаңга салып берди. Хахолдордун далысынан таптап: «сен кыйынсың» -деп, бир тууган славян орустар менен кагыштырып коюп өздөрү четке чыга берди. Зеленский американын ABC News телеканалына маек куруп жатып, НАТО мүчө кылып кабыл албай таландыда калганы үчүн НАТОго деми сууп баратканын билдирди. Ал Крым Орусияныкы экенин, ДНР менен ЛНР көз карандысыз экенин таанырын айтып бул боюнча сүйлөшүүгө барарын ачык айтты. Зеленский: «НАТОго келсек, менин демим сууп калды, НАТО Украинаны кабыл албасына көзүбүз жетти. Альянс Орусия менен конфронтацияга баргысы келбей тескери иш жасагысы келбей турат» –деди. Украинадагы жаңжаалды токтотуу үчүн Орусия койгон шарттарга макул болорун билдирип: «Мен Орусия менен диалогго келүүнү туура көрдүм, биз биротоло капитуляция болгондон көрө ошол артык» -деди.
Бул тарыхий учурда көптөгөн мамлекеттер Орусияга душман болуп чыкты. Алардын көпчүлүгү Орусиядан газ, мунайзат алышып экономикалык жактан Орусияга көз каранды мамлекеттер. Орусия учурда канча экономикалык санкция алышса да аларга газ, мунайзат берүүнү токтоткон жок. Мейли «Кока Кола», «Фейсбукту» өчүрсүн. Эгер Орусия газ, мунайзатты токтотуп койсо эмне болот? ЖККУ (ОДКБ), Кытай деген зор державалар удулун күтүп унчукпай турушат, алар Орусияны колдосо эмне болот? Анда даана жарылуу болуп дүйнөлүк үчүнчү согуш чыкпайбы...
«АКШнын «мурунку» саясатчылары, «Тайвань картасы» менен ойношуп, убактысын бекер кетирип, бүлгүнгө дуушар болду» деген ат менен чыккан макала Кытайдын белгилүү маалымат агентчилиги «Синьхуада» пайда болду. «Синьхуа» маалымат агентчилиги АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун делегацияны баштап Тайванга келгенин чагылдырат. АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Майк Помпеону Тайванда укмуш жасакерлик менен салтанаттуу тосуп алышып Вашингтон менен жакшы мамилени чыңдаганы үчүн «Бриллиант жылдызы» деген даңазалуу орденин көкүрөгүнө тагышкан. Азыркы кезде Тайванда ал-абал кандай? Украинадагы кан төгүүлөр Тайвандыктардын жүрөгүнүн үшүн алып коюптур. Мурун кокустан уруш чыгып кетсе Кошмо Штаттары бар эмеспи дешип аларга таянып жүрүшкөн тайвандыктар, Украинага эч ким болушпай жапжалгыз калганынан улам калчылдап корко башташты. Тайван парламенттинде бири-бири менен тытыша баштады. АКШга жан тарткан гоминдан партиясын көпчүлүк сүйбөй калды, Батыш кооз сүйлөгөндөн башкасын билбей турганына түшүнүштү. АКШ аларга курал-жарактарды берип коюп, чатак чыгарып коюп, өзү мылжыйып алыстан карап турарын парламент депутаттары айтып чыгышты. Тайвандыктар ачык эле: «Төрт миллион украиналыктар качкын статусун алышып Польшага кирип кетишти. Кокустан Кытай Эл Республикасы аймагын сактоо максатында Тайванга кол сала турган болсо, бизге ким болушат? Аралдарда жашап жаткан тайвандыктар деңизге чөгүп өлгөндөн башка аргабыз жок калат» -дешип жаткандары эмнени түшүндүрөт? Тайвандыктардын 60 пайызы Кытайга каршы тура албастарына ишенбей калышты.
Ооба, Украинаны колтугунан сүйөп Орусия менен кайраштырып, согуш отун алоолонто жагышкан АКШ менен НАТО эми маалымат тарабынан моралдык жардам бергенден башка эмне кылып коюшуптур. Көпчүлүк НАТОго кирген мамлекет башчылары Орусия менен кагылышсак дүйнөлүк үчүнчү согуш чыгып, ядролук куралдарга басым жасалып кетет дешип, НАТОнун киришине каршы. Ал эми башка мамлекеттин канын мите –курттай соруп жашашкан алсыз Польша, Латвия, Литва, Швеция сыяктуу мамлекеттер гана Орусияга каршы тикесинен-тик туруп, экономикалык жактан алсызданышын көздөгөнү менен эмне пайда табышты? Алар «өз көрлөрүн өздөрү казышып» Орусиядан келип жаткан газ, мунайзат, буудай жана башкалардан кур калган турат. Орусия буларды Азия тарапка экспорттосо деле күн көрөт. Тайванда болуп жаткан акыркы мезгилдеги дүрбөлөң Орусияга каршы багытталган жок. Булар «өз көмөчтөрүнө күл тартышып» кокус бизге Кытай кол салышса талаада каларыбыз бышык, андан көрө Кытай менен жакшы мамиле түзүп алалы деп жатышат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg