www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Тбилиси шаардык сотунда сөөгүн Украинага коюуну каалаганын билдирген. Андан соң Украинанын Тышкы иштер министрлиги Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин Киевге кайтып келишин талап кылган. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн сайтында билдирди.
«СССР НКВДсынын эң жаман салттарына ылайык, грузин бийлиги тез арада медициналык жардамга муктаж болгон Михаил Саакашвилиге психологиялык жана физикалык жактан зомбулук көрсөтүүдө», — деп айтылат Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Украинанын департаменти Грузия өкмөтүн учурда Грузияда демократияга шек келтирип жаткан Саакашвилинин укуктарын одоно бузууну токтотууга үндөдү.
«Биз Грузиянын бийликтерин Михаил Саакашвилини Украинага өткөрүп берүүгө чакырабыз. Саясий өч алуу үчүн адам өмүрү менен ойнобогула», - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Украинанын Тышкы иштер министрлиги чет элдик өкмөттөрдү жана эл аралык уюмдарды саясатчыны ачык коргоого чакырды.
Белгилей кетсек, экс-президент Грузияда 2021-жылдын 1-октябрында камакка алынып, бир нече кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Саясатчы банкир Сандро Гиргвлианинин өлтүрүлүшү жана депутат Валерий Гелашвилинин сабалышы боюнча сыртынан соттолгон. Саакашвили биринчи иш боюнча үч жылга, экинчисинде алты жылга кесилген.
Кошумчалай кетсек, ага 2007-жылдын 7-ноябрында оппозициянын митингин таркаткан, «Имеди» телекомпаниясын талкалаган, бюджеттик каражатты уурдаган деген айыптар тагылган. Бул иштер дагы эле соттордо.
Булак: NazarNews.kg