www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» Американы эмне үчүн айыптады?

Эскерте кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү үчүн кошумча виза чектөөлөрүн киргизүү ниетин билдирген. Ооганстандагы убактылуу «Талибан» өкмөтү бул чечимди сынга алды. Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

«Ооган өкмөтү АКШнын бул чечимин айыптайт жана орчундуу маселелер дипломатиялык каналдар жана конструктивдүү чаралар аркылуу чечилиши керектигин дагы бир жолу кайталоого мажбур. «АКШ менен болгон мамилебиз басым көрсөтүү чыр-чатактарды чечүүгө жардам бербестигин буга чейин көрсөттү», — деп айтылат документте.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ошондой эле визалык чектөөлөрдүн киргизилишин «адам укуктарын бузуу» деп атады жана АКШ расмийлерин 2020-жылдын февралында кол коюлган Доха келишимин сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости