www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери убагында бүтпөй калганы боюнча чыккан материалдан кийин "Sputnik Кыргызстан" агенттигинин башкы редактору Эркин Алымбеков кечирим сурады.

Белгилей кетсек, "Sputnik Кыргызстан" агенттиги "Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?" деп аталган материал жарыялап иликтөө жүргүзгөн. Анда эмне себептен үйлөр белгиленген мөөнөттө курулуп бүтпөгөнү, өкмөттөн акча бөлүнүп, бирок субподрядчыларга жетпей калганы жана 20 жаштагы студенттин кечээ жакында негиздеген компаниясынын тендерди утуп алганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

"Мен азыр эле Дайырбек Орунбеков жасаган кайрылууну көрдүм. Биздин кабарчы "Эламан Карымшаков жасаган иликтөөдө жалган маалымат тараткандыгы үчүн кечирим сурасын" дептир, менин оюмча мен кечирим сурасам туура болотго. Анткени, Эламандын жасаган иликтөөсү боюнча мен баарын билгенмин. Ал иликтөө текшерүүмдөн кийин чыккан. Ошондуктан, мен кечирим сураймын”, - деди ал.

Ал эми, президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Баткендеги үйлөрдүн чуу жараткан курулушу тууралуу айтып берген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости