www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада дагы бир кыргызстандык каза болду

Орус армиясында кызмат өтөгөн дагы бир кыргызстандык Адилет Алиев Украинада каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

Анын айтымында, Адилет Алиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында контракт боюнча кызмат өтөгөн жоокер болгон.

Буга чейин Кыргызстандын алты жараны — Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков жана Аманбек Курбанбаев, Руслан Полотов Украинадагы согуштук аракеттерде курман болгон.

Эске салсак, Украинадагы кырдаал оор бойдон калууда. Аскердик кагылышуу уланууда. Орусия 2022-жылдын 24-февралында атайын аскердик операция жарыялаган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Көптөгөн мамлекеттер Орусия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости