www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцжеледен түшпөй майда ушактарды тараткан Илим Карыпбеков деген бар. Элге акыл айтып, кыргызга өзүнчө эле “даанышман” болуп алды. Казинонун ачылышын колдоп, аэропортто отуруп, кылаар иши жок калганда пикирин билдириптир.

Көрсө, аны “оюңду айтып кой” деп суранып, тиленип, тилинен тарткандар көп экен. Ушундан улам “бу Илим Карыпбеков ким?” деген суроо пайда болот. Ал 2001-жылы КУУну бүткөн. 2009-жылга чейин 8 жыл эмне менен алек болуп жүргөнү белгисиз. 2009-жылы К.Бакиевдин тушунда мамлекеттик бийликке илинген. Төңкөрүштөн кийин жеке ишканаларда жүрүп, 2015-жылы КТРКнын башына келген.

Ал жерде “көңүлдөшү” менен болгон окуялары гезиттерде далай жолу сенсация жаратып, түнүндө жортуп жүрүп, авария болгонунун тегерегинде да көп суроолор жаралган. Ар-намысы бар башка бирөө болсо ошондо отставкага арыз бермек, бул болсо эч нерсе көрбөгөн немедей болуп, креслого жармашып кетпей койду. КТРКны ремонт кылды, “чарбаны билгени менен, чыгармачылыкты түшүнбөйт, нөл” деп айтып жүрүшкөн.

Ал жетектеп турганда КТРК “кара үкөк” бойдон калды. Парламентте Илим Карыпбековду кетирүү боюнча бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Өмүрбек Текебаев катуу сындаганда да мойнуна албай былтыйып отурган, ал эми депутат Мурадыл Мадеминовдун берген суроолоруна жооп бере албай койгондо, беркинин айласы кетип, “Абдыкадыр Орозбеков ким болгон?” деп сураса, “билбейм” деп эрдик көрсөткөнсүп, ырсайып туруп берген.

Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз АССР, Кыргыз ССРинин президиумунун борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековду билбегени – мамлекеттин тарыхын билбегенин далилдеп турбайбы.

Ушундай билимсиз эргулдар бийликте отурган учурлар болбодубу? Эми ошол тарыхтан чаласабат, кеп жебеген Илим Карыпбеков азыр элге акыл айтып, өзүнүн сабатсыз посттору менен көпчүлүктүн көңүлүн бурууга аракет кылып турган кези.

Булак: Азия News гезити

Последние новости