www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа биримдиги Украинада согушту токтотуу темасында Кытайдын Орусияга болгон таасирин колдонуусун талап кылды. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты.
Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Франциянын Монпелье шаарында өткөрүлгөн Европа биримдигинин Өнүктүрүү министрлеринин расмий эмес жыйынынын соңунда Франциянын тышкы иштер министри Жан Ив Ле Дриан менен биргелешип маалымат жыйын өткөрдү.
Кытай Украинадагы согушту токтотууда ортомчу боло алабы деген суроого Боррель бүгүнкү жыйында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан.
Кытайдын Орусияга жакыныраак мамиле кылганы үчүн ортомчу боло албасын баса белгилеген Боррелл: «Мен Кытайдан ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн бардык мүмкүн болгон дипломатиялык аракеттерде Орусияга болгон таасирин колдонууну өтүндүм»,- деди.
Булак: NazarNews.kg