www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ администрациясы президент Жо Байдендин Киевге сапары тууралуу Орусияга бир нече саат калганда маалымдаган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда, америкалык лидердин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан журналисттерге билдирди.
«Биз Орусияга президент Байдендин Киевге бара турганын билдиргенбиз. Биз муну ал кетерден бир нече саат мурун [потенциалдуу] чыр-чатакты болтурбоо үчүн жасадык" дейт Салливан. Ал Москва бул кабарды кандай кабыл алганын тактаган жок.
«Бул азыркы заманда болуп көрбөгөндөй тарыхый сапар. Анткени АКШнын президенти согушуп жаткан өлкөнүн борборуна баратат, ал жерде биздин аскер кызматкерлери маанилүү инфраструктураны көзөмөлдөбөйт», - деди Салливан.
Ал белгилегендей, Америка президенти менен Украинага анын жакын жардамчылары, медициналык кызматкерлери жана жансакчыларынын бир нечеси гана барган. Салливан Вашингтон администрациясынын башчысы бул сапары менен АКШнын Украинага колдоосу тууралуу ачык жана так сигнал бергиси келгенин айтты.
Байдендин Киевге күтүүсүз визити АКШнын президенти болуп шайлангандан берки Украинага жасаган биринчи сапары. Ошентип Украинадан Байдендин башы кылтыйды.