www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарактарды берүүнү улантуусу курал өндүрүүчүлөргө жана бул жабдуунун жардамы менен өзүнүн гегемониясын сактап калууга аракет кылып жаткан АКШга гана пайдалуу. Мындай пикирин германиялык коомдук ишмер билдиргенин NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги маалымдады.
Германиянын Коргоо министрлиги жакында Украина Германиядан 18 Leopard2 танкасын алганын ырастады. Мындан тышкары немистердин 40 Marder жөө аскерлеринин согуштук унаасы жана эки брондолгон унаасы да Украинага келди.
Германия өкмөтүнүн Украинага курал-жарак берүүнү улантуусуна каршы нааразылык иретинде 27-мартта Берлинде “Куралдын ордуна диалог” аттуу семинар өттү. Ага жүзгө жакын отставкадагы аскер, илимпоз жана тынчтык активисттери катышкан.
Чыгыш Германиянын ассоциациялар кеңешинин президенти Маттиас Вернер Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды токтотпой, чыңалууну күчөтүп, аны узартат деп билдирди.
“Курал-жарактарды берүүнү улантуудан ким пайда таба алмак?.. Жооп ачык эле көрүнүп турат, бул аскердик өнөр жай, алар асмандап киреше алып жатат жана, албетте, АКШ өзүнүн гегемониясын чыңдоого умтулуп жатат”, - деди ал.
"Түндүк Агым" газ түтүктөрүндөгү диверсияга токтолгон Маттиас Вернер Германия өкмөтү тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу эч кандай конкреттүү маалыматты азырынча ачыкка чыгара электигин, ал эми Батыш маалымат каражаттары Орусияны ар кандай гипотезаларды адаштырыш үчүн көбүрөөк бутага алып жатканын белгиледи.
"Учурдагы кырдаалга таянсак, окуя эч качан такталбайт. Анткени Германиянын негизги маалымат каражаттарынын көшөгө артындагы манипулятору чындыктын чыгышына жол бербейт", - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg