www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын кабыл алынышы “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы болуп саналарын белгилей кетүү зарыл.

Документ укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин ишинин мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына карата көз караштардын системасын билдирет, анын компоненттерин жана 2022–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштин багытын аныктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости