www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө кирип барды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Ага ылайык, укук коргоо органдары атайын машина дарбазаны сүзүп киришкен. Атамбаевдин короодогу тарапташтарын көздөн жаш агызуучу газды пайдаланып, чыгарышкан. Ал эми мурунку президенттин үйүнүн ичинде атышуу болуп жатканы айтылды.

Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Бул тууралуу маалыматты Спутник агенттиги жазып чыкты. 


 

Последние новости