www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон тогуз жылга эркинен ажыратылды. Анын адвокаты Саидбурхон Шарипов Дүйшөмбү шаардык сотунун бул чечимин "мыйзамсыз" деп эсептегенин билдирди.

"Мунапыс тууралуу мыйзамга "алдамчылык" беренеси да киргизилгендиктен, ага ырайым берилет деп күтүп жатканбыз. Соттун бул чечимине таң калып турабыз. Ошондуктан өкүмгө байланыштуу апелляция беребиз. Бул өкүм мыйзамсыз, эч кандай мыйзамга жана ченемдик актыларга туура келбейт", - деди ал.

"Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылган укук коргоочунун жакындары да өкүмдү адилетсиз деп эсептейт. Алардын айтымында, жабырлануучуларга кылмыш ишинде көрсөтүлгөн сумманы туугандары толугу менен төлөп берген.

Эске салсак, буга чейин Тажикстандын Баш прокуратурасынын өкүлү соттон Амонду тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. Жакындары укук коргоочуга коюлган айып негизсиз экенин билдирип келет.

Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтат. Орусияда ал мигранттарга укуктук жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости