www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноонун алдын алуу борборунун кызматкерлери кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган лаборант Ирина Цоповадан кабар алышты. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, лаборант өзүнүн абалы тууралуу даттанган эмес. Ошондой эле ден соолугу өтө оор эмес экенин айтып, «буту чирип жатат» деген маалыматтар ырасталбаганын белгиледи.

Буга чейин Ирина Цопованын сынган буту ириңдеп кеткени, ал бутунан ажырап калышы ыктымал экени тууралуу маалыматтар чыккан.

Ирина Цопова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгышы үчүн «ал ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен кармалган дарыгерлердин бири. Анын тергөө абагында жараат алганы ырасталган.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданып, ондон ашык киши кармалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости