www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда «Борбордук Азия – Кытай» форматында ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин расмий эмес жолугушуусу өттү. Ага Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.
Жолугушууда коопсуздукту камсыз кылуу, трансулуттук кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Улан Ниязбеков мамлекеттер ортосундагы экономикалык, транспорттук жана гуманитардык байланыштардын кеңейиши укук коргоо органдарынын кызматташуусун күчөтүүнү талап кыларын белгиледи.
Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө көңүл бурулду.
Сапардын алкагында делегациялар Фучжоу шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн түзүлгөн окуу борборунун ачылышына катышты.