www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластагы үлпөт тойдо автомат атылганы айтылып, Интернетке тараган видео боюнча тойдун ээси Канатбек Жапарбеков милицияга сурак берип чыкты. Бул тууралуу эазаттык билдирди.

Талас облустук милициясы видеонун чоо-жайын иликтеди. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабековдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, видеону монтаждагандар жана автоунаанын айнегинен чыгып алгандар административдик жазага тартылышы мүмкүн.

- Айнектен чыгып алган балдар боюнча унаанын шоопуруна административдик чара көрүшүбүз мүмкүн. Анткени ошондой көрүнүшкө айдоочу жол берип жатат да. Азыркы мыйзам менен 1000 сомдой айыппул салынат же эскертүү берилет. Калганына эч нерсе кыла албайбыз. Негизи мыйзамда ошондой. Видеону монтаждап Интернетке чыгарган балдар да такталды. Алар менен иштейбиз. Жоопкерчиликке тартуу боюнча акылдашабыз.

Таластагы үйлөнүү тоюнда автоматтан ок атылганы тууралуу видео социалдык тармакка жекшемби күнү желдей тарады.

Анда үйлөнүү тоюндагы кортеж “Манас-Ордого” кетчү жолдо баратканы, машиненин терезесинен чыгып алган эки адамдын бири колундагы автоматтан өйдө карай аткылап жатканын көрүүгө болот. Кийин автомат оюнчук экени, видео монтаждалганы белгилүү болуп, бул көрүнүш соцтармактарда кызуу талкууга алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости