www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Орусиялык телевидениеде алып баруучу, ырчы болуп, “Инстаграммда” 16 миллион подписчиги менен жылдыз болуп жаткан Ольга Бузовага ага чейин ким эле? "Дом 2” реалити-шоуда жүргөн "бузулган" кыз болчу. Дал ушул кыз 19-июлда Бишкектеги лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке конок катары чакырылып, келип кетти. Уюштуруучулар концерттен кийин ага саймалуу чепкен, калпак жана камчы тартуулашкан. Бузова баалуу белектин баркын билмек беле, бөлмөсүнө барганда кийип, колуна камчыны кармап, үстөлдү, жерди чапкылап ойноп, ырдап, бийлеген. Мындай тасма социалдык тармакка тарап, кыргыздар алигүнчө намыстанып. сөз кылып келишүүдө. Биздин баалуу белектер аялдарга бериле баштаганы боюнча биз белгилүү адамдарга кайрылып, пикирин уктук.

- Аял кишиге чепкен жаап, калпак кийгизип, колуна камчы карматкан наадандык. Мындай манкурттарга сөз жок. Бул иштерди кыргыздын улуттук баалуулуктарын, салтын билбегендер кылып жатышат. Кыргызда аял кишиге бериле турган белектер толтура, ошону берсе болот. Ушундай маселе боюнча Маданият министрлиги жакшы иштеш керек! - деди ЖК депутаты Улугбек Ормонов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости