www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мындан ары кыргыз тарап тажиктерге болгон жеңилдетүүлөрдү да жокко чыгарышы керек», - деди бүгүн, 26-майда NazarNews маалымат агенттигине Улукбек Маматаев.

- Улукбек байке, кыргыз-тажик чек арасынын жабылганына байланыштуу Тажикстандын жарандары Кыргызстанды транзиттик өлкө катары пайдалана албайт деген таризде Манас аэропортуна келип, Орусияга учуп кетүүнү көздөгөн тажиктерди келген самолёту менен кайра артка учуруп жиберишти. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Менимче, туура эле болду деп ойлойм. Себеби, азыр оору күчөп турган учур. Ошондуктан, тажик тараптын бизге коюп жаткан дооматтары негизсиз деп эсептейм. Мындан ары да кыргыз тарап тажиктерге болгон жеңилдетүүлөрдү да жокко чыгарышы керек.

- Чек арага чектеш жайгашкан аймактагыларга чек арачы деген статус берип, курал бериш керек деп маселе көтөрө башташты. Бул сунуш жөндүү элеби же опурталдуубу?

- Көсөнүн акылы кеч келет демекчи бийлик эчак эле чек ара маселесин чечип коюш керек болчу. Буга чейинки бийликтердин шалаакылыгынан, чек ара маселесин анчейин маани бербегенинен канчалаган жарандарыбыз жапа чегип жатат.

Тез арада ошол жерде жашаган элге өзгөчө макам берип, чек арачы катары айлык-акы төлөп, элге күч берип турушубуз керек. Антпесек, Тажикстан менен чектеш жерлерибизден айрылып калуу коркунучу турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости