www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эки күндүк сапар алкагында Марипов ошондой эле Жалал-Абад облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.

Белгилей кетсек, буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга тийиштүү авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жана толук көлөмдө жүргүзүүсү тапшырылган.

Мындан тышкары, сел кырсыгынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости