www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын экс -мэри Азиз Суракматов 4 250 000 000 сомдой мамлекетке зыян келтирди деп шектелип жаткан, казнага 150 миллион сом айып төлөп эркиндикке чыгып, элирип калды дейт. Эгерде айып төлөп жатса, анда коррупционер экенин мойнуна алып жатат да же ошол каражатты кайынагасы Ж. Шарипов миллиондогон сом алган элчинин айлыгынан чыгарып берип жатыптырбы? Эми бул каражат да ошо бойдон дайынсыз жоголорун билебиз, кеп анда эмес аткаминер, эркиндикти кантип мынча арзанга сатып алды? Суракматовдун убагында Бишкек шаары болуп көрбөгөндөй таланган, салыштырмалуу башка мэрлер эки сөөмөйү менен гана шаардык бюджетке кол салып турса, Суракматов колун чыканагына чейин батырып жиберген. Көпөстөр көп берене менен камалган Атамбаевден башкасы доллар менен жешип, сом менен кутулуп кетип жатышат. М. Аманкулов 50 млн сом, Ж. Атамбаев 100 млн сом,  Абжалиев  50 млн сом, судья Осмоналиев 70 млн сом (жалпы 114 млн 299 миң сом төгөт), Айтмаматов 74 млн сом (дагы 26 млн сом калган), Азыгалиев 25 млн сомду мамлекеттин эсебине төлөгөн.

Улуттук коопсуздук комитетин же төрт тамгага келсек, жакында «доссекретарь» Камчыбек Ташиев массалык маалымат алдына чыкты. Илгери Юрий Андропов сыяктуулар КГБда иштеп эл алдына чыкпай жашырынып иштей турушкан. Эмки коопсуздук комитети эл алдына дайыма чыга калып жүрөт. Быйыл жарым жылда УКМК тарабынан  коррупция, пара талап кылуу, мыйзамсыз баюу жана кызмат абалынан пайдалануу фактылары боюнча 304 иш ачылыптыр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Аталган иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыян 26 млрд сомдон ашкан. Анын ичинен 6 млрд сомго жакын каражаттын орду толтурулган. Ал аталган иштер боюнча кармалып, мамлекетке акча төккөн айрым адамдардын аттарын атап өттү.

"Мыйзамсыз баюу иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом, Жалил Атамбаев 100 млн сом, депутат Абжалиев  50 млн сом, Жогорку Соттун судьясы Осмоналиев 70 млн сом (жалпы 114 млн 299 миң сом төгөт), Бажы кызматынын Түштүк аймак башкармалыгынын башчысы Айтмаматов 74 млн сом (дагы 26 млн сом калган), вице-мэр Уланбек Азыгалиев 25 млн сомду мамлекеттин эсебине төлөдү", — деди ал.

Андан тышкары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Каржы полициясынын мурдагы башчысы Таиров 20 млн, Каржы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Жамгырчиев 20 млн сом төлөп берген. Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов жана башкалар кармалган. Ташиевдин айтымында, бул иш боюнча мамлекетке миллиарддаган сом зыян келген.

"Жалпы 304 иш ачылган. Сиздерге 30га жетпеген фактты айтып бердим. Бул иштер боюнча өндүрүлгөн акча ар бир тыйынына чейин мамлекеттин бюджетине төлөнөт. УКМК ал акчаларды өзү колдонбойт. Ага акысы да жок", — деди ал.

Дагы бир аткаминер бюджетке 170 миллион төгүп, абактан чыкты. Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Мындан улам Биринчи май райондук соту мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоо чарасына алмаштырды.

"КР Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, экс-мэр Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берди. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллионун кайтарды. Калган чыгымдарды төлөө графиги түзүлдү", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталууда. Ал 28-май күнү УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилген болчу.

Өлкө президентинин жарлыгы менен июнь айынын аягында Коррупцияга каршы кызматынын (АКС)  жоюлган, анда иштеген кызматкерлер жумушсуз калган жок. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын милдетин ушул эле ведомствонун 6-башкармалыгы аткарат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.

"Алар бир эле башкармалыктын кызматкерлери эмес. Кызмат жоюлганы менен андагылар башка бөлүмдөрдө иштесе болот. Эми Коррупцияга каршы кызматынын милдетин УКМКнын 6-башкармалыгы (Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкы башкармалык) аткарып калат. Демек, мындан ары деле коррупцияга каршы иштеп, кызматтык кылмыштарды иликтей беребиз", — деди Ташиев.

Анын айтымында, аталган кызмат жарым жыл ичинде мамлекетке 6 миллиард сом кайтарып берди. Былтыркы жылдын 10 айында бул көрсөткүч 100 миллион сомго гана жеткен.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. 2021-жылдын 23-июнунда Мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ишкерлердин ишинин алкагында келип чыккан бир катар көйгөйлөр жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган. Бизнес-коомчулуктун сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп Садыр Жапаров жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүн белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости