www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыда боло турган биргелешкен тактикалык машыгуунун алкагында Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасынын россиялык танкерлери Ляура полигонунан Афганистан менен чектеш Харб-Майдон полигонуна чейин 200 чакырымдык жүрүш жасашты, деп билдирди Борбордук аскер округунун басма сөз кызматы.

Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аскер контингенттеринин биргелешкен машыгуусу 5-августтан 10-августка чейин Тажикстан Республикасынын Хатлон облусунда Харб-Майдон полигонунда өтөт. Россиянын аскер контингентинин негизин 201-аскер базасынын бөлүктөрү, анын ичинде тоо мотоаткычтары, танктык, артиллериялык бөлүктөр, ошондой эле Борбордук аскер округунун атайын өзүнчө бөлүгүнүн топтору түзөт. Мындан тышкары, машыгууга радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо адистери жана мобилдик электрондук согуш топтору тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости