www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сугат суу маселесин чечүү үчүн Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Пирамида" телеканалына курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул чоң долбоор болот.
"Чүйдү, Панфиловдон "Орто токой" суу сактагычына чейин кыдырып келдим. Азыр бак-дарактар, малина тиккендер дагы көбөйдү. Экинчиден, сууну сарамжал пайдалануу боюнча ирээттүү план жок. Мисалы "Орто токой" суу сактагычынан максималдуу түрдө 120 куб суу чыгып турду. Бул тилекке каршы, айрым райондорго – Москва, Панфилов, Жайылга жетпейт. "Орто тойкойдон" чыккан суу Кеминден кийин 17 чакырым, 30 куб суу жоголуп жерге сиңип кетет. Ошону жоготпоо максатында айланып өтүүчү канал курушубуз керек. Бул чоң долбоор болот. Быйыл ошону баштайбыз деп турабыз. Бул президенттин дагы көзөмөлүндө. Мындан сырткары Чыгыш жана Түштүк Чүй каналын кеңейтип, курууну пландап жатабыз", – деди Марипов.
Булак: NazarNews.kg