www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ жок болот. Тизме

7-сентябрдан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" мекемесинен билдирди.Буга эски газ өткөргүчтөн чыккан газды токтотуу иштери себеп болууда.

"Бишкек шаарынын Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1985-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын чыгуусун токтотуу иштери өткөрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу төмөнкү жерлерде газ болбойт:

Төмөнкү Жал кичи району;

Тынчтык проспектиси, Пожарский тар көчөсү, Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрүнүн аймагында;

"Жылуулукэнергоремонт" буу казандарында.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Булак: NazrNews.kg

Последние новости