www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Исмаил ага, эгемендиктин 30 жылдыгын белгиледик. Азыркы глобалдык дүйнөдө Кыргызстандын орду жана ролу тууралуу кыскача оюңузду уксак?

- Биз БУУнун мүчөсү катары 187 өлкөнүн ичинде жердин аянты боюнча 85-орунда, элибиздин саны боюнча 120-орунда турабыз. Карызыбыз 5 миллиард доллар болуп калды. Жарандарды өнүктүрүү индекси боюнча дүйнөдө 120-орунду ээлейбиз.

Коррупция боюнча 124-орунда экенибизди жакшы билесиздер. 30 жылдын ичинде үч президентти таш менен ургулап кетирген өлкө, элбиз. 12 жолу Башмыйзамды бийлик башына келген адамга, кызыкчылыгына (элдикине эмес) карата жасаган мамлекет катары таанылганбыз. Кээ бир эл аралык журналдардын сурамжылоосунда, эң кедей өлкөлөрдүн арасынан ондуктун ичиндебиз.

Экономикабыз, аскердик курал жана техникаларыбыз боюнча биз бир топ мамлекетке көз карандыбыз. Коңшулардын кысымдарына адекваттуу жооп бере албаган, жипке байланган жаныбарлардай, жиптин узундугуна – ЕАЭБге, ОДКБга, ШОСко мүчө болгонубузга алыс бара албай тышкы саясатты жүргүзөбүз. Алар мындай десе мындайга, тигиндей десе тигиндейге барган өлкөбүз. Мына, биздин бүгүнкү күндөгү ордубуз. Ролубуз нөл!

- Нөлдөн чыгыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

- Биринчиси, Наполеон айткан “согушту жеңиш үчүн үч гана нерсе керек: бул – акча, акча жана да акча” деп. Демек, бизге да акча, акча жана акча керек. Терең мааниде ал – кубаттуу экономика! Экинчиси, чоң булчуңдуу болушубуз керек. Заманбап техника, курал менен күчтүү армияны түзүү.

Үчүнчүсү, мамлекет башчыларыбыз адилеттүү, билимдүү, тажрыйбалуу, авторитеттүү, даанышман болуп, башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен улуттун кызыкчылыгын коргоодо теңата сүйлөшө ала турган адамдар болушу керек. Андай болбосо ким сүйлөшөт?

Төртүнчүсү, саясый жана экономикалык көз каранды жанагы “жиптен” кутулушубуз керек. Биз бүгүн өзүбүзчө саясат жүргүзө албайбыз. Мына ушуларды аткарганда гана Азияда, мүмкүн дүйнөдө кандайдыр бир ролду ойногонго мүмкүнчүлүк ачылат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости