www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунун пленардык сессиясы модераторунун суроосуна жооп берип жатып, уюлдук телефон колдобой тургандыгын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Чыгыш экономикалык форумунунда пленардык сессиясынын журналисти Сергей Брилев мамлекет башчысына мындай деп кайрылган: "Сиз сахнага чыкканыңызда Ангела Меркель (Германиянын канцлери) эмес экениңизге ынандым. "Иш-чаранын жүрүшүндө телефонуңуз шыңгыраган жок. Демек уюлдук телефонуңуз жаныңызда эмес", - деди Брилев.

"Менимче, аны байкоо кыйын болгон жок", - деп тамашалады президент.

Ушундан кийин журналист мамлекет башчысынан: "Баса, Владимир Владимирович, сизде уюлдук телефон барбы?", - деп сурады.

"Жок", - деп жооп берди Путин.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын август айында Кремлде Путин менен Меркелдин жолугушуусунда капысынан Германиянын өкмөт башчысынын телефону шыңгыраган. Ал үнүн өчүргөндү унутуп калса керек. Меркель телефонду чөнтөгүнөн чыгарып, өчүрүп же үнсүз режимге которгон. Путин бул окуяга көңүл бургастан, сөзүн уланткан болчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости