www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган сот өкүмдөрүн жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 18-августундагы токтому менен Акматбек Келдибековго карата Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмдөрү жана Жогорку Соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы токтому жокко чыгарылды", - деди Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева.

Билдирүүгө ылайык, Келдибековдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу өтүнүчү канааттандырылды. Прокуратуранын ишти соттун биринчи инстанциясына жөнөтүү тууралуу корутундусу эске алынды.

Кылмыш иши кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, 2015-жылы райсот Келдибековго өкүмүн угузган. Ал Салык кызматын жетектеп турганда мамлекетке каржылык зыян алып келген деген айып боюнча далил табылбаганы үчүн акталып, парламент спикери кезинде Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн ачканы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бул үчүн мамлекетке 3 миллион сом айыппул төлөсүн деп милдеттендирилген.

Башкы прокуратура соттон Келдибековду эки иш боюнча тең соттоп, үй-мүлкүн тартып алып, өзүн 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө камоону суранган.​

Кылмыш иш 2013-жылы ачылган. Келдибековду алгач УКМКнын тергөө абагына камашып, кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарышкан.

2016-жылы ноябрда Келдибеков мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости