www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Мариповду көпчүлүк депутаттар колдоп жатат

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулду. Анда премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүү, ошондой эле өкмөттүн жаңы курамын бекитүү маселеси талкууланууда.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду көрсөтүлүп, ал Өкмөт башчы болду. Аны «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштады.

Марипов 22 өкмөт мүчөлөрүнүн алтоосу кыскалаарын айтты.  

"Айыл чарба тармагы көтөрүлөт. Ал эми Айыл чарба министрлигинин статусу күчөйт", - деди ал. 

41 жаштагы Улукбек Марипов 2006-жылдан 2016-жылга чейин президенттик аппаратта ар кандай кызматтарда иштеп келген. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары да болуп иштеген. Ал Эсеп палатасынын төрагалыгына 2016-жылдын март айында дайындалган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Улукбек Марипов мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Шадиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости