www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандагы Кореянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Чжени кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Корея менен достук мамилени жана кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани берет.

Марипов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн жана аны өнүктүрүү келечегин белгиледи. Атап айтканда, республикага Кореянын ишкер чөйрө өкүлдөрү келип, атамекендик экономикага инвестициялоого активдүү кызыкдарлыгын көрсөткөндүгүн баса белгиледи.

Ал «Коrea Теlecom» компаниясынын Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу чечимин колдоого алды жана кыргыз тараптын корей бизнесин өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Төрага жарандарыбыз үчүн алдыңкы кореялык ЖОЖдордо билим берүү квоталарын жогорулатууга жана Кореяга баруусуна байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. 

Корея Элчиси Ли Вон Чже өз кезегинде белгилегендей, өлкөлөр ортосунда инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылы экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, Бишкек жана Сеул шаарларынын ортосунда аба каттамын ачуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости