www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө КРнын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун структурасы 6 топтон турат, бул топтор болсо 15 бөлүктөргө бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда маалымат жыйында Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасынын орун басары Табылды Матсаков билдирди.

Анын айтымында, Биринчи эксперттик топ мамлекеттик түзүлүштүн негиздери жана эл аралык мамилелер боюнча иштейт жана 2 топчого бөлүнгөн: мамлекеттик түзүлүш тармагындагы мыйзамдар боюнча жана эл аралык мамиле боюнча мыйзамдар.

Матсаков экинчи эксперттик топ сот адилеттиги жана укук коргоо системасы боюнча иштей турганын белгиледи.

Ал белгилегендей, үчүнчү эксперттик топ социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, эмгек, илим, маданият жана спорт тармагындагы мыйзамдар боюнча иштейт жана 2 топчого бөлүнгөн:

- билим берүү жана илим, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдар;

- саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо тармагындагы мыйзамдар.

Ал эми төртүнчү эксперттик топ экономикалык жана финансылык маселелер боюнча иштейт жана 5 топчого бөлүнгөн, алар:

- финансы тармагында;

- соода жана техникалык жөнгө салуу тармагында;

- фискалдык саясат жана бизнес чөйрөсүндөгү мыйзамдар;

- финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө; жана жаңы, Инвестициялар министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу биз дагы бир топту коштук, бул:

- инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө.

“Бешинчи эксперттик топ - транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш, энергетика, өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана санариптештирүү маселелери боюнча иштейт жана 2 топчодон турат: транспорт, коммуникациялар, санариптештирүү, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө жана энергетика, өнөр жай жана отун-энергетика комплекси чөйрөсүндө”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости