www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Түндүгүнөн түтүн булатып,

Апам жапкан нанды сагынам”...деген  атактуу ырчыбыз  Керим Тураповдун аткаруусундагы ыр ар бир кыргыздын жүрөгүндө бар. Өзүбүз калаанын тургуну болуп калганыбыз менен акыл эс, жүрөк баары  айылда, ата-эненин жанында калат. Мына ушундай айылдын кереметин апасынын жылуу мээрими менен бөлөнүп чоңойгон кыргыз элине төбөсү көрүнгөн  уулдарынын бири, коомдук  саясый ишмер, Жогорку Кеңештин “Бир-Бол” фракциясынын депутаты, Улукбек Ормоновдун апасы тууралуу маекти сунуш кылабыз. Маектешим үчүн апасын эскерүү оор ошол эле учурда  абдан сыймыктуу дагы болгону байкалып турду.

Апам жөнүндө айтуу оор жана сыймыктуу..

Эне жөнүндө айтуу мен үчүн бир жагынан жеңил бир жагынан абдан оор. Себеби ар бир баланы  атасына караганда  апасы көңүл буруп тарбиялайт.  Бул 9 ай көтөргөндөн тышкаркысын айтам. Менин апам дагы жалпысынан 8 бала төрөп, баарыбызды  алпештеп багып чоңойтту. Негизи он бала төрөптүр, эки баласы  каза болуп калып, сегизөөбүз чоңоюп апабызга сый урмат көрсөтүп, төрүбүздө  олтураар кезде апам бизди таштап кетти. Апам Майрамкан 59 жашында каза болуп калды.  Бул эч качан орду толгус, эч ким толуктай алгыс, дайыма жүрөгүмдө арман болуп жашап келе жаткан өкүнүч.

Мени апам көзү өткөнчө Жаныбек деп атады

Атам колхоздун совхоздун  жооптуу кызматтарында иштегендиктен кичинекейибизде  атамды көп деле көрчү эмеспиз. Баардыгыбыз менен алектенген апам болгон. Сегиз бир туугандын эң улуусу Апиза эжем,  мектепти алтын медаль менен бүтүп, бүгүнкү күнгө чейин жолдошу, өзү дагы врач болуп эмгектенишет Андан кийинки агам Райымжан айыл чарба институтун бүтүрүп, ветеринардык кесипке ээ болуп, 46 жашында каза болуп калды. Андан кийин Кыздаркан эжем айылда, биздин КУУну бүткөн. Көптөгөн жооптуу кызматтарда иштеп азыр ден-соолугуна байланыштуу эс алууга эрте чыкты.  Андан кийинки агам  Каныбек, анан мен.  Менден кийин үч карындашым бар. Дилбар, Гүлбара, эң кичүүбүз Бактыгүл. Мени бир туугандарым  көпкө чейин Жаныбек деп жүрүштү. Апам мага төрөлгөндө Жаныбек деген ысым ыйгарыптыр. Атам достору менен  чогуу олтурганда уулду болдум десе ал убакта Өзгөн совхозунда билимдүү өзбектер көп иштечү экен.  Ошолор  “Жакшы болуптур, аты Улукбек математик, астроном белгилүү киши болсун”-дешиптир. Апам болсо мени  каза болгуча Улукбек деген атыма көнгөн жок. “Жаны, Жаныбек”-деп атап жүрүп эле өтүп кетти. Бир жолу кызык болгонбуз. 2-класста окуп жүргөндө кошунабыздын  Асан деген баласы менен чогуу окучубуз. Бир күнү ошол Асан апама чуркап келип “аяш эне,  Улук барбы үйдө?” десе апам “ким ал”  деп таң калыптыр.  Ушуну эстеп   апам көпкө чейин күлүп жүрдү.

Үйдөгү каржы менен  берекени апам кармачу...

 Атам менен апам бири-бирине абдан байланып жашап калышканын бир окуядан улам билем. Илгерки чоңдор азыркылардай жеке машина менен эмес, ат менен жүрүшчү. Бир жолу атам атын чаап үйгө келди да “апаң кана?”-деди. “Апам кошунаныкына чыгып кетти эле, эмне керек ата?”-десем тап апаңды деди. Чуркап барып апамды чакырып келдим. Апам өмүр бою атамды сиз деп жүрүп өтүп кетти. “Кокуй, эмне болдуңуз?”-десе “муздак чай берчи” деди. Менден деле сураса бермекмин деп ичимден ойлонуп атам,.  Көрсө булар 45 жыл чогуу жашап бири-бирине таянып ишенип көнүп калышкан экен. Ошондуктан бир туугандардын баарынын ушундай бактылуу чоңоюшубузга апамдын салымы абдан чоң. Улуу агам менден 1 жарым жаш эле чоң. Экөөбүз кичинекейбизден урушуп талашып өстүк. Апам экөөбүздү ажырата  берип чарчачу. Мен кичине көк бетирээк элем, ал уруп коёт, мен барып тырмышып ого бетер урушам. Баса бир жолу агам экөөбүзгө апам бир ишти дайындап  айылга кетти. Биз аны ойноп жүрүп унутуп калыптырбыз.  Апам келип  ишти сурады эле унутуп калганыбызды айттык. “Эмнеге мен айтканды кылбадыңар?”-деп туруп  чабаарда агам качып кетти, мен турам. Апам мени бир салды да экинчи колун көтөрүп келе жатып кач деп жатам деп бакырды. Качпай туруп алдым. Кечинде атам келгенде “Бул балаң көк бет, такыр качпайт!”-деп арызданганын угуп калдым.  Азыр ойлосом үйдөгү каржыны кана апам кармабай берекени да кармачу экен. Апамдын дагы бир балалыктагы калган элеси апам бизге чоктун табына дүмбүл бышырып берчү.  Бир колу менен тамак жасап жатып чокко дүмбүл бышырып бизге берип коёт эле. Апам кармап берген нерсени биз кармай албайт элек, жерге ургулап муздатып анан жечүбүз. Апам сүт тартканда  сүт куюп беримиш болуп кайтарып олтурчубуз.  Негизги максатыбыз сүт тарткычтын каймак чыккан жердеги темир табактарын тазалап жеш керек. Каныбек экөөбүз сүт тарткан сеператорду талашып тазалап жечүбүз.  Апам  жоктон бар  кылып тамак  жасап, ашты сонун кылып басчу.  Өз колу менен жасаган мантысын, ашын азыр да сагынам.

Апамды жоктоп абдан жаман болгом...

Апам мүнөзү абдан жумшак, мээримдүү аял эле. Бирөөгө жаман айтчу эмес. Азыр айылда биз жоготкон нерсенин бири кошуналар тамак кылса бири-бирине  жөнөтүп, нан жапса бирөөсүн сөзсүз жиберчү. Апам бизди бакканга, үй оокатын кылганга да жетишчү. Бүт ишти апам өзү эле бүтүрө берчү.  Апам каза болоордон эки жума мурун  үйгө барып жүрүп келгем. Суук кабар келгенде  мен шаарда иштейт элем, телеграмма  колума тийээри менен айылга жетип бардым.  Апамды жерге берип үйгө келгенден кийин карасам апамдын колу менен байланган помидорлор,  тандыры, баардыгы турат өзү жок. Ошолорду  көрүп  эшиктин алдындагы огородко чыгып алып  кыйкырып ыйлап алып үйгө киргем.  Энени жоготууну Кудай эч кимдин башына салбасын,  өтө жаман нерсе.Эң кейиштүүсү баарыбыз чоңоюп биздин жакшылыгыбызды көрөөрдө өтүп кетти.

Өзүн эмес, жаңы келген келининин абалын ойлоп жүрөт...

 Мен 5-курс кезимде үйлөндүм. Воронежден келе жатканда диплом менен кошо келинчегимди ала келдим.  Оштогу  улуу эжем менен жездемди кошо алып  айылга бардык. Жездем чуркап кирип “ апа, балаңыз келин алып келди”-десе жылаңаяк чуркап чыгып “Токтогула!”-деп үйгө кирип жоолугун алып чыгып,  суусун башыбызга тегеретип  далбастап чуркап жүрөт. “Көшөгө тарт”- деп эжеме айтып кубанып жүргөн. Ичте элем, байкабай калыптырмын, кан басымы дароо көтөрүлүп жыгылып калса болобу. Эжем врач эмеспи, апамды сөрүгө жаткырып карап атыптыр. Бир маалда эжемдин өңү өзгөрүп кетти, эмне болду десем  буту колу муздап баратат дейт.  Келинчегим  Базаргүл да көшөгөдө экенин унутуп чуркап чыгып алыптыр.  Ошентип ажал менен алышып атып да “Кокус бирдеме болуп кетсем, жаңы келген келинден көрбөгүлө. Менин кан басымым көтөрүлүп кетет,билесиңер да”-деп айтып жатпайбы.  Эжем болсо ыйлап “Эмнени айтып атасыз, дарыларды ичиңиз”-деп эс алдырды. Көрсө апам бир сыйра капа болуптур, сиңдисинин кызын мага алып берем деп жүрчү экен. Бирок апам жетим өскөнмүн деп коёт эле.  Көрсө таенебиздин аты Базаркүл экен. Биз аны билген эмеспиз. Келинчегимдин да аты да Базаркүл. Көпчүлүк келинчегимди апаңа окшош дешет Мен азыр  кыздар атасына окшош жолдош, жигиттер  апасына окшош аял издейт деген чын окшойт деп ойлоп калам. Мага жумуштан батир тийбей келинчегим апам менен эки жыл айылда болуп калды. Менден улуу эки агамдын аялдары эки жыл жанында олтурган эмес эле. Ошого анан тил табышып, кийин барсам  экөө абдан жакын болуп калышыптыр. Эки уулум тең айылда төрөлгөн. Апам бир жолу келинчегиме  тукум алып кел дептир. Келинчегим Токмоктун кызы орус мүнөз.  Токмокто уруктук картошканы тукум деп коёт Ал эмне экенин сураштан уялып Базаркүл картошканы көтөрүп келиптир. “Апам айланайын муну эмне алып келдиң”-деп таң калып эле калыптыр. Муну апам көпкө чейин  кошуналарга бизге айтып берип калчу.

Мени келет деп бир түп алманы кайтарыптыр....

Мен Россияда окуп жүргөндө апам кызык болуптур.  Үйдүн алдындагы сөрүнүн жанында эрте бышкан ак алма бар эле.  Июнь айларында ал  алмалар бышып калат. Мен каникулга июль айында келем. Апам  раматылык мен 1-курста каникулга жайында келээрде бир түп алманы жылбай  айылдагы балдардан коруптур. “Сени келип жесин деп апаң коруп олтурат”-деп атам тамашалап калчу.

Апам менен атамды азыр дүйнөнү кыдыртканга кудуретим жетет, бирок өкүнүчтүүсү алардын көзү азыр жок...

Жогорку окуу жайды бүтүп келип  иштеп биринчи айлыгымды алдым.  120 рубль колго тийди.  14 рублга билет алдым.  Оштон Өзгөнгө 1 рубль 15 тыйын автобуска кетти. 60 сомун атам менен апама “менин биринчи айлыгым”-деп бердим. Атам “Алып келчи бери!” -деп эсептеп чыкты. Апама көрсөтүп “көрдүң ээ”деп коюп мени ээрчитип алып көчөгө чыктык. Токтомат аке көчөдө келе жаткан экен,  “эй Токтомат кел бери”-деп чакырып алды да балам  айлыгын алып келиптир  деп акчаны берип эсептечи деди. Мен болсо уялып ачуум келе баштады. “Балам  окуусун бүтүп айлык алып келиптир, жүр Токтомат”-деп мени кошо ээрчитип магазинге бардык. Ал жерде дагы эки үч досу бар экен. Ал жерге барып алып дагы жарыя кылды. “Ата болду эми, уят го” десем  “үйгө бар, кечинде туугандарды чакырабыз апаңа айтып кой тамак кылсын”- деди. Келип апама айттым. Кечинде туугандарды чакырдык, апам бекиткен таттуулардын баарын чыгарып дасторконду  жайнатыптыр.  Атам кичине кызып калыптыр, келип дасторконго олтурду  дагы “эми туугандар силерди чакырганымды себеби балам окуусун бүтүп айлыгын алып келиптир. Ме Жалаң эсептечи ”-деп жанында олтурган Жалаң акебизге берди эле ал эсептесе дагы деле 60рубль. Көрсө сүйүнүп мен берген акчаны бекитип алып өз чөнтөгүнөн жууп бере бериптир.  Апамдан бир жылдан кийин атам өтүп кетти. Өкүнгөнүм  баардык нерсе колдон келип каалаган нерсесин алып берээр учурда  экөөнүн тең көзү өтүп кетти. Азыр мен атасы апасы тирүү досторума  азыр көзү барда сыйлагыла,  каза болгондон кийинкиси бир тыйын  деп айтып калам. Мисалы  эгерде  апам менен атамдын  көзү тирүү болуп бүт дүйнөнү кыдырам десе дагы  жиберип эс алдырганга кудуретим жетмек. Эң жаманы мен азыр аларга куран багыштагандан башка айлам жок.

 Даярдаган Баян Кулова

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости