www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат сайты менен атактуу ырчы Дима Билан сыр бөлүштү. Атактуулук - бир күтүүсүз нерсе. Ал кимдир бирөөнү толкун сыяктуу камтыйт да, көпкө созулган кубанычка, ырахатка батырат. Айрым учурда кээ бир адамга бир нече убакыт өткөндөн кийин күттүрүп келет. Аны күтүп манчыркап жүргөн ырчылардын саны канча? Атактуулуктун даамын өспүрүм кезинен тарта сезе билген, учурдун кайталангыс артисти аталган Дима Билан менен болгон чакан маекти сиздерге сунуштайбыз!

- Дима, артист менен ырчынын айырмасы эмнеде?

- Артист- актёр. Ырчы- ырчы. Мен озүм тууралуу айткым келбейт, себеби бир аз туура эмес болуп калат. Мен сахнадагы энергетика үчүн көбүрөөк иштейм. Эл менен байланышта болуп, аларга ырахат тартуулагым келет. Жакшы ырдагандар аз, аны менен бирге эл менен иштеп, аларды таң калтыруу деген нерсе да бар экенин кошумчалагым келет.

- Ар бир артисттин өз музасы бар болот эмеспи. Сизге ким эргүү берет?

- Андай адамдар бар, алар көп эмес, бирок бар. Алардын атын атабай эле өткүм келет.

- Угармандарыңыздардын алдындагы жоопкерчиликти сезесизби? Өзүңүздү аудиторияңызда кантип тарбиялайсыз?

- Мен сүйүү тууралуу ырларды көп ырдайм. Мен ойлойм муну менен баары айтылды деп.

- Көп учурда жаман жана жакшы адамдын образын тез эле чагылдыра салган өзгөчө талантыңыз бар. Бул нерсе оңойбу?

- Мен ар дайым өз толкунумда калкыйм. Убакыттардын алмашышы менен баары айтылат. Көп учурда бугүн кайсы күн, кайсы жума, кайсы ай экенин алмаштырып турам. Чындык үчүн айта алам менин адамдарга ар дайым саламым түз. Агрессияны, куулукту, ичи тардыкты, ушакты жаман көрөм. Ар дайым позитивдүү маанайда болгум келет. Ал эми сахнада ырга байланыштуу сиз айкандай образдарды жаратам. Бул нерсе мен үчүн кыйын деле эмес. Сахна адамы болгон соң, баарын билүү зарыл.

- Эс алуунун кайсы түрүн жактырасыз: активдүүбү же пассивдүүбү?

- Сөзсүз түрдө кыймылдуулукту тандайт. Мен бир мүнөт да бир жерде тура албайм. Саякаттоону сүйөм, жаңы нерселерди билгим келет, таң калам, тааныйм ж.б Сууга чөмүлүү, күнгө күйүү деген нерселер мага тиешелүү эмес. Мен активдүү адаммын. Достор арасында эс алууда да алардын маанайын көтөрүп турам.

- Сиздин жаныңызда тамеки чеккен, ичимдик ичкен, урушчаак айым тура алабы?

- Айым, айым бойдон калышы керек. Коргоосуз, назик, сулуу болуу зарыл. Мен жаман адаттарга каршымын жана кыздарды тандоодо да ошого маани берем. Эч кимге тамеки чеккен кыз менен өбушүү жакпаса керек. Эгер үй-бүлө тууралуу ойлоно турган болсом, мындай кыздардан тап такыр башт тартам да жолобойм, жанымда да турбайт. Мен дени сак жашоо үчүн!

-Маегиңизге рахмат.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости