www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жумада өлкөгө РФ президенти Владимир Путин келди. Аны аэропорттон тозуп алган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ошол жерден эле Лимузинге салып, өзү жалжылдаган боюнча кол булгап кала берди. Андан соң мамлекеттик резиденцияда тандалма журналисттери менен бирге чыдамсыздык менен күтүп турган КР президенти Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Экөө биргелешип маалымат беришти.

Адаттагыдай эле биздин Ажобуз кармана алган жок. Көрсө, тээ 90-жылдары калайык кара нанга жетпей, улпак нанга ыраазы болуп жүрүшкөндө, Атамбаев мультимиллионер болгон экен. Ажо өз сөзүндө, “Азыркы миллионердин бири Салымбеков бизнесин жаңы баштап жаткан, Бабанов болсо студент болучу! А мен ошол учурда эле долларлуу мультимиллионер элем...”- деп, анын оозун тиктегендерди оңкосунан сайды. Анткен менен өкүмдардын ачуусун баса алган Апендидей, эч ким боло алган жок.

Бир жолу тайманбаган Апенди Эмир Темирге келип жердештеринин доосун айтып калат.Кыялында өзун гана башкаруучу сезип, реалдуулуктан алыстай түшкөн Эмир ал айтылгандарга чычылай түшүп каарданып, бакырып, «Сен наадан, мага, дүйөнүн түркүгү улук паашага ушунча доомат кандай акың бары?!»,  - дейт. Анда Апенди сабырдуу ийлип, «Ошон үчүн Сен улук, биз макулукпуз да, өкүмдар» - деп, Темирландын ачуусун баскан экен.  

Булак: «Ачык саясат»

Последние новости