www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"1000 ак элечек айымдар - 2017" улуттук долбоорду кыргыз эли коомго жараша өнүгүүгө изденип аракет кылбаса, кыргыз элинин баалуулуктары бир тыйынга арзыбай калат. Себеби, идеология дегенде улуттун кызыкчылыгы менен элдин укугу алдына коюлат. Улуттук нарк, улуттук кызыкчылык үчүн болгон аракеттерибизди кылышыбыз керек деп эсептейм.Руханий тарбиялык идеологиянын алкагында " 1000 ак элечек айымдар- 2017" долбоорун көтөрүп чыктым. Бул доолбор менен бир жыл алек болгондо, өзөктү билбей, көр сокурлук кылгандарды кезиктирдим. Улуттук долбоолорду ким колдойт деген суроо туулду. Азыр шатыра- шатман журт атасы болом дегендердин ""каймактарынын " бири да улуттук долбоорлордо жок. Алар кыргыз үчүн иделогия үчүн күйгөн жандар эмес. Мен ага өзүм күбө болдум. Жыйынтыктоочу сөз жазылат,алардын атын атайм. Көрөңгөсү жок ЖКнын депутаты А.Кулбараков деген мырза жөнүндө да кеп учугу айтылат. Эми мындай 15 кундөн бери өз баракчамда , 7- ападан турган кербен топ, массалык маалымат каражаттарында " 1000 ак элечек айымдар -2017" улуттук долбоорун мамлекет да, чоң фирмалар да колдобой жатат деп какшап жазып келдим.

Айлабыз курганда купальникти колдошот тура деп да жазып чыктык. Кыскасы элдин алдында эгемендүүлүктү сактап, элибиздин, улутубуздун жыргалчылыгы үчүн күрөшөмүн деп ант беришкендер саясат менен гана алек болуп калышыптыр. Улуттук баалуулуктарды баалап, элечекти даңазалап, улуттук баш кийимдин улуулугун көтөрүүнү терең түшүнгөн, кыргыз апаларынын коомдогу статусун бекемдөө үчүн кыргыздын бир мырзасы, саясатчы Акматбек Келдибеков бул долбоорду жалгыз колдоп берди. Ак элечек кийиген 1500 апанын атынан ыраазычылык билдиребиз.Чыныгы кут, касиет, унгу, дөөлөттөрүбүздү , кыргызды кыргыз кылып, дүйнө элине кырдантып турган рухту колдоп бергени алкышка арзыйт. Бул кадамыңыз улуттук долбоорлорду колдош керек деген байракка үлгү болуп берет деп ойлойбуз. 1000 ак элечек апалардын атынан башына ак калпак, колуна камчы белекке берилди. Бул кыргыздын салты. Ак элекчен миң эненин таманындагы ыраазычылыкты алыш баа жеткис алкыш. 1000 ак элечекчен энелердин алканы жайылган ак бата касиетүү бата . Мына ушул алкыш менен бата кыргыздын бир уулуна буйруду. Бар болуңуз! "Бата менен эл көгөрөт бата менен жер көгөрөт" .Улуттук долбоорлорду колдогон меценаттар көп болсун!

Эльнура Кулуева, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости