www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Кыргызстандыктар! 25-март күнү, өлкөбүздүн мекенчил уулу Садыр Жапаров, мекенине кайтып келе жаткандыгына байланыштуу, Бишкек шаарында, күндүзгү саат 12:00 дө Горкий паркынан тосуп алуу боюнча, мамлекетибиздин баардык аймактарынан элдер чогулушат. Ушул эле убакытта, Ош шаарында мурдагы Сузак чайканасы, азыркы Ак-ниет кафесинде, Жалал-Абад шаарында Барпы театрынын алдында, Баткен шаарында Тургунбай Садыков көчөсү 13 дарегинде колдоочулар чогулушат.

Урматтуу мекендештер! Учурда оппозиция болуп чыккан саясатчылардын баарын жалган жалаа менен камап же куугунтуктап, бийлик төбөлдөрү өз каалагандарын кылып жатышат. Мамлекеттик казнаны соруп жатышканы аз келгенсип, тышкы карызыбызды беш миллиард долларга жеткиришти. Эки жарым миллион элибизди башка өлкөлөргө тентитип жиберишти. Анысы аз келгенсип, өздөрү миллиарддаган долларларга контрабандалык бизнес кылышып, элдин өмүрүн алган кырсыктарга чейин жеткизишүүдө. Ушулардын баарын көзгө сайып, "токтоткула" деп келе жаткан мекенчил уулубузду, бийлик төбөлдөрү ар кандай жалган жалаалар менен кылмыш жообуна тарткылары келип турушат.

Ошондуктан, кайдыгер эмес мекендештерибиз келип, Садыр Жапаровду коргоп, сиздердин алдыңыздарда далилдүү фактылар менен айта турган кебин угуп кетиңиздер. Сиздер кызыккан, төбө чачыңыздарды тик тургузган, бир топ коррупциялык маалыматтарга ээ болосуздар. Сөз сүйлөп жаткан учурда, интернет аркылуу онлайн түз байланышы болуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында чогулган элдер дагы көрүп, угуп турушат. Өлкөбүз боюнча баардык кен-байлыктарыбызды элдин пайдасына пайдалануу, заёмщиктердин көйгөйлөрү, мигранттардын проблемалары, электроэнергияга болгон тарифтер, ички жана тышкы саясат, экономика жана башка маселелер каралат. Сиздерди кызыктырган кандай гана суроолоруңуздар болсо, узатсаңыздар болот. Эч ким, эч кимди мажбурлап чакырбайт жана каржылабайт. Ар ким өзүңүздөрдүн каалооңуздар менен келип, мекенчилдик сезимиңиздер менен катышып кетиңиздер.

Уюштуруу комитети

Булак:NazarNews.kg

Төмөнкү тасмада Садыр Жапаровдун эмгектери менен тааныша аласыздар;

Последние новости