www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин макаланын каарманы - Мээрим Толепберген. people.kg жаштар интернет порталынын журналисти, актриса жана рчы Мирбек Aтабековдун жубайы. Мээрим бүгүн биз менен сулуулук сырлары менен бөлүшөт.  

1.Пайдалуу таңкы тамак:

Ар бир күндү кубаныч тартуулай турган пайдалуу таңкы тамак менен баштоо керек. Принципке туруп дан азыктарынан жасалган азыктардан, куурулуп бышырылган тамактардан баш тартам. Менин таңкы тамагым адатта, сүт азыктарынын турат. Айран, мөмө-жемиштер, быштак кошулган коктейлдерди ичем. Бул азыктар теринин абалын жакшыртууга жардам берет, ал көбүрөөк ийкемдүү кылып, ошондой эле чач жана тырмактарды бекемдейт. Андан соң жан сергиткен, жыпар жыттуу чай ичем.

2. Косметологияго кайрылып туру:

Ар ай сайын бир жолу косметологдорго кайрылып турам. Жыл мезгилдерине жараша пилинг процедураларын, түрлүү бет маскаларын кабыл алам. Мисалга, жайында тери майлуу болсо, кышында кургак болот. Терини бир баланста кармап туруу үчүн косметологдордун жардамына муктажмын. Мындан тышкары, ар бир аялзатында нымдандуруучу SPF бет майлары болуу керек. Ал териге карылыкты жана бырышты алдын алып, терисинин түсү сактоого жардам берет.

3. Бир күндө эки литрден суу ичүү:

“Апам дайыма суу баардык нерсенин башы” деп айтат. Эреже катары, күнүнө 2 литрден суу ичүү зарыл. Сууну бөтөлкөгө куюлганын таптап ичүү керек. Крандан суу ичүү тап такыр болбойт. Тамактан соң дайыма 1 станкан жөнөкөй сууга лимондун ширеси кошулган сууну ичип турам. Мындай суусундук тамакты аш кылат. Дагы бир сүйүктүү суусундугум сууга мята кошулган түрү. Баштыктагы газдалган жана газдалбаган ширелерден баш тартам.

4. Спорт менен алектенүү:

Эгер машыгуу үчүн спорт залдарга баш бага албасам, күн сайын 15 мүнөт чуркоо менен алек болом. Күнүгө чуркай албасаңыз, анда эки-үч күндө бир чуркап туруңуздар. Менин көз карашым боюнча, үй тазалоо  да ашыкча салмактан арылтуучу жолдордун бири деп билем. Ар дайым кыймылда болуу- эң соонун!

5. Баарына күлкү тартуулоо:

Сулуу, бактылуу, дени-сак болуу үчүн жакшы нерсени ойлонуу керек.  Мен буга аябай терең ишенем.  Ар бир адамдын кемчиликтерин табуу керек эмес, баарына мээрим төгүп, күлкү тартуулоо өтө маанилүү болуп саналат.

P.S: Макала “Social.vb.kg” сайтынан которулду.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости