www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Садыр Нуркожоевич, сизди мурда Бакиев менен иштешкен, "Ак жолдо" депутат болгон деген ушак кептерди таратып жатышат? Сизден кандай жооптор болот?

-Биринчиден, мен эч качан "Ак жолдо" депутат болгон эмесмин. "Ак жолдун" четине жологон эмесмин. Бизди таратып жиберип, "Ак жолду" алып келгенден кийин, бир жыл бош жүрдүм. 2008-жылы Бакиев өзү чакырып, Комиссар болуп иштеп бер деди. Макул деп иштеп жүрдүм. Бир дагы мамлекетке каршы келе турган иш жасаган жокмун. Заказ аткарган жокмун. Жер саткан жокмун. Эл саткан жокмун, бир дагы оппозиция мүчөсүнө тийишкен жокмун дегендей. Экинчиден, бул ушак сөздү президент Алмазбек Атамбаев бир ирет Нарынга барган сапарында элдин алдында сүйлөп жатып, Садыр Жапаров "Ак жолчу", Бакиевчи деп жамандаган жайы бар. Аны КТРдан тынбай көрсөткөн. Ошондон кийин көпчүлүк ишенип алса керек. А киши өзү деле билбесе керек. Ким "Ак жолдо" депутат болгон, ким болгон эмес. Өзү премьер-министри болгон го. Медаль алган. Мойнунан кучактап өөп, "жакшы кишисиз" деп мактаган. Мен мактаган эмесмин. Мыйзамдуу ишимди жасагам. Бир топ коррупциялык кагаздарды топтогом. Азыр ошол кагаздардын Кыргыз элине кереги тийип жатат. Кыскасы эл өзү таразалап алат ким кандай адам экенин. Ар ким өзү анализ жасаш керек. Ишенсе болобу же болбойбу деп. Бийлик КТРди элдин пайдасына, аң сезимин өстүрүүгө колдонбостон, оппозиционер болгондорду каралатып, калп жеринен элге күнөөлүү кылып көрсөтүү үчүн пайдаланып жатпайбы. Ушуну эл так билиш керек. Жалаң жалган маалыматтарды берип, элге жек көрүндү кылып жатат бизди.

-Кумтөрдү эмнеге Комиссар болуп турганда текшербей, кийинчерээк текшерди деген да кептер бар?

Менде текшерүүгө укугум жок эле да. Укук президентте, өкмөттө анан Жогорку Кенеште гана болот. Мен ал убакта бирөөндө да мүчө болгон эмесмин. Эгер кимдир бирөө ошондой ойлоп жаткан болсо, жанылышат. Биринчи жолу 2005-жылы парламентке депутат болуп келип, ошол жылы эле көтөргөмүн. Архивдерди көтөрсөк чыгат. Эки жарым жыл депутат болдум. Кийин таратып жиберди. Кайра 2010-жылы экинчи жолу депутат болуп келдим. Дароо эле көтөрдүм го. Мына эми жыйынтыгын көрүп атасыңар.

-Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости