www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
WhatsApp тармагы аркылуу Панфилов районундагы Чалдыбар айылындагы Тажикстан жарандарынан арылууга чакырык жасаган деп шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
«5-май күнү милиция кызматкерлери WhatsApp аркылуу тарап жаткан маалыматтарды алып, иликтей баштаган. Анда белгисиз аял Чалдовар айылындагы Тажикстандын жарандарына карата чагым иретинде сөз айтканы аныкталган. Ага карата экспертиза дайындалып, жыйынтыгы менен аталган билдирүүдө улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталган», — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча материал Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу») тартип коргоо органдарына берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.
Панфилов райондук милициясы менен Чүй облустук милициянын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө боюнча кызматы чакырык жасагандарды тапкан.
«Шек жараткан 1998-жылы туулган Г.Н. жана 2001-жылы туулган К.Н. аттуу эки аял кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп билдирди маалымат кызматы.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.
Булак: NazarNews.kg