www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз парламентинде Турдукан Жумабекова аттуу айым бар. Биз сыймыктанган эжекебиз, юридика илимдеринин доктору, профессор. Бир нече мыйзамдардын жана китептердин автору. Өзүнүн парламенттик ишмердигинде кыргыздын улуттук маданий-руханий дөөлөттөрүнө байланыштуу маселелерди көп көтөрүп келген. Кыргыздын айымдары парламенттик бииик трибунасынан улут наркы, ата салтыбыз деп күйүп жатканы албетте, жагымдуу иш. Турдукан айым «Манас» эпосуна байланыштуу мурда эле маселе көтөрүп, эпосту көп нускада бастырып элге таратып берүү керек деп, анан «Манас» эпосу кытайлардын атынан ЮНЕСКОдо катталып кеткен кезде биринчилерден болуп маселени парламентте кабыргасынан койгон.  

Кыргыздын жаңгагы грек жаңгагы деп дүйнөгө таанылды, эми кошуна казак эли биздин кээ бир тамак-аштарыбызды өзүлөрүнүкү кылып энчилеп алыптыр, биз эмнеге өзүбүздүн улуттук тамак-аштарыбызды өз энчибиз катары бекемдеп албайбыз деп былтыр жазда айтып чыккан эле. Ушул эле маселени өткөн жылдын аяк ченинде кайра дагы көтөрүп, улуттук буюм-тайымдарыбызды, тамак-аштарыбызды патенттөө маселесин койду.

Турдукан айымдын пикиринде буюм-тайым, кийимдерибиздин баасы кымбат болгондуктан көбүнчө чет элдиктер сатып алышат, эгерде аларга салыкты азайтып берсек баасы арзандап, бардык каалоочулардын сатып алуусуна да шарт түзүлмөк, Ал турсун ошол отурумда «улуттук каада-салт, ата-бабадан бери колдонулуп жүргөн ар бир буюм-тайым өз ордунда колдонуу менен сакталат» деп айтканын далилдеп, өзү оймо-чиймелүү кыргыз чепкенин көйкөлтүп кийип жүргөн эле. Ал мамлекеттик кызматчылар, мектеп окуучулары да улуттук оймо чийменин элементтери тушүрүлгөн кийимдерди кийсе эмнеге болбосун деген пикирде.

Албетте бул маселени чечүү биздин бийлик өкүлдөрүнүн колундагы иш экен. Ал эми улуттук буюм-тайымдарыбызды, тамак-аштарыбызды биздин элибиздин энчиси катары Турдукан айым айткандай патенттештирүү канчалык реалдуу? Макул, өлкө ичинде патенттештирилип же улутубуздун энчиси экендигин мыйзамдаштырып койдук дейли. Аны башка өлкөлөр тааныйбы? Дегеле эл аралык таанууга алына турган жолдору барбы, болсо кандай? Биз мына ушул багытта сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Белгилүү окумуштуу, тарых изилдөөчү В.Бартольд өзүнүн фундаменталдуу «Кыргыздар» аттуу тарыхый эмгегинде: «Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири. Азыркы убакта Орто Азияда жашап жаткан элдердин арасынан тарыхта кыргыздардан эрте жолуккан эл жок...» деп жазганы бар.

Демек, кыргыздар байыркы замандан бери жоюлбай, жоголбой сакталып келген байыркы калк болгон. Ошондой болгон соң сөзсүз кыргыз улутуна энчилүү кылымдап калыптанган кол өнөрчүлүгү, өз ашкана өзгөчөлүктөрү бар. Улуттук жазуучулар союзунун катчысы, жаш акын-жазуучулардын «Нур-борбор» чыгармачылык бирикмесинин уюштуруучу координатору Абдымамбет Сариев агабыз бир макаласында жазгандай «...кыргыздар өзүлөрүнө таандык энчилерди көрмөксөн болуп же кайдыгер боло бербей, кара жандын тынчтыгын көздөп, улуттун тарыхын башка элдерге тарттырып жибербей, тарыхый фактыларга таянып, өз энчилерибизди өзүбүз ээлеп, келечек муундарга татыктуу өткөрүп беришибиз милдет, парз».

Андыктан, акыркы күндөрдө боз үйүбүздү, комузубузду, улуттук кол өнөрчүлүгүбүздүн буюмдарын, тамак-аштарыбызды, улуттук оюндарыбызды, улуттук оймо-чиймелерибизди ж.б. патенттөө жөнүндө маселе бекер жерден көтөрүлүп жатпаса керек. Айрым тарых изилдөөчүлөр улуттук баалуулуктарды патенттөөгө болбосун, ал үчүн мыйзамга атайын берене киргизүү талап кылынаарын белгилешсе, дагы бирөөлөрү патенттөө жеке адамдын интеллектуалдык менчигине тиешелүү укугун коргоо учурунда гана колдонулаарын айтышат.

Кыргыз элинин муундан-муунга калып келе жаткан улуттук мурастары: боз үй, шырдак, ала киииз, чий буюмдары, калпак, топу, элечек, шөкүлө, белдемчи ж.б. улуттук тамак-аштарыбыз: курут, айран, жуурат, жарма, максым-шоро, бозо, чалап, боорсок, токоч, кымыз ж.б., улуттук оюндарынан: тогуз коргоол, ордо, көк бөрү, улак тартыш, эңиш, күрөш, кулатуу, тайган менен аңчылык кылуу, куш менен аңчылык кылуу ж.б, баалуу жаныбарлары: тайган, аргымак жорголор, уяң жундүү кыргыз койлору, илбирс, улар, кекилик, бүркүт, куштар, улуттук аспаптары: комуз, кыл-кыяк, ооз комуз, чопо чоор, чоор, най ж.б., ал эми маданий байлыктарыбыз:«Манас» эпосубуз, башка ооз эки чыгармаларыбыз, комуз күүлөрүбүздү кыргыз элине тиешелүү деп, дүйнөлүк тизмеден каттоодон өткөрүп алуу зарыл экендигин айтып, айрым улут үчүн күйгөн патриоттордун тынчы кетип, эртең башка улуттар биздики деп талашпасына ким кепил боло алат дешет.

Ал эми экс-депутат Турдукан Жумабекованын жеке сунушу боюнча мамлекет улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө өзгөчө макам берип, патент алуу жагын көзөмөлгө алса, анан да башка улуттарга тарттырып жибербөө үчүн эл аралык деңгээлде коргой турган уюмдар менен иш жүргүзсө кыргыз элинин эртеңки мууну үчүн да, тарых үчүн да зор иш жасаган болоор элек дейт.

Уккан кулакта не жазык, улуттук көк бөрү ат оюнубузду да казак туугандарыбыз өзүлөрүнө энчилөө боюнча биздин көк бөрү билермандары менен чоң сөз жүргүзгөн дешет. Акыркы мезилдерде көк бөрү үчүн күйүп-жангандардын дабышы анча чыкпай калгандай сезилип, бул да бизде күмөн ойду пайда кылууда.

Ата-бабаларыбыздан мураска калган улуттук дөөлөттөрүбүздү, рухий мурастарыбызды кыргыз улутуна тиешелүү менчик катары патенттеп алуу мүмкүнбү, мындай учурда патенттөө кандай болушу мүмкүн, улуттук паттенттөөнүн жол-жобосу кандай болот, ЮНЕСКОдон каттоодон өткөндөн кийин улуттук патенттөө деп түшүнсөк болобу ж.б.у.с. суроолор менен Кыргызпатентке да кайрылган элек. Бул боюнча өзүнүн жообун берген мекеменин Өнөр жай менчиктери жана селекциялык жетишкендиктер объектилерин экспертизациялоо башкармалыгынын экс-башчысы Абдикалил Токоев өз учурунда мындай деген:

--Маселен, боз үй жөнүндө айтсак, аны жасоо ыкмаларын (технологиясын) салттуу билим катары «Салттуу билимдер жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде гана Кыргызпатенттен каттоодон өткөрсө, ошондой эле, боз үй жөнүндөгү салттуу билимдин негизинде жасалган боз үйдүн айырмаланган өзгөчө түзүлүшүнө патенттик мыйзамдын негизинде патент алса болот. Ал эми улуттук мурастарыбызды, улуттук тамак-аштарыбызды, оюндарыбызды, музыкалык аспаптарыбызды, оймо-чиймелерибизди да салттуу билимдер катары каттап койсо болот. Бирок, Кыргызпатент тарабынан берилген патент Кыргызстандын гана аймагында күчүндө болот. Башкача айтканда ар бир мамлекеттин патенттик укугу өз аймагында гана мыйзамдуу күчкө ээ болоорун эске алуу зарыл.

Демек, биз жогоруда белгилегендей биздин өлкөнүн патенттик мыйзамын дүйнөлүк коомчулук тааныйбы деген суроого жооп табылды десек болот. Эл аралык таануу болсун үчүн улуттук көркөм дөөлөттөрүбүздүн баарын болбосо да кашкайып өзгөчөлөнгөндөрүн ЮНЕСКОдон каттоодон өткөрүү иштерин колго алуубуз керек деп эсептейбиз. Ошол учурда басма сөз беттеринде казак эли биздин боз үйдү, бозону патенттеп алды деген айың-кептер суу кечпейт. 

Негизинен маданий мурастарды сактоо иштери менен Өкмөткө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жана Мамлекеттик тышкы иштер министрлигине караштуу ЮНЕСКОнун маселелери боюнча улуттук комиссиясы алектенет. Алардын милдети БУУнун алдында түзүлгөн ЮНЕСКО уюму менен Кыргызстандын атынан иш жүргүзүү болуп саналат. Андыктан, кыргыздын кыргыз экендигин далилдеген улуттук баалуулуктарыбызды сактап калуу үчүн кайдыгер мамиле жасап, кош көңүлдүүлүк кылбасак... Кантсе да 2200 жылдык тарыхы бар кыргыз эли нечендеген тайгак кечүүлөрдөн өтүп, кыргыз деген атын өчүрбөй ушул күнгө жеткен элибиз дүйнөлүк маданияттын казынасына берген «Манас» баш болгон улуттук баа жеткис баалуулуктарын коргоп, колдоп алаарына ишенгибиз келет.  Кыргыз элинин уникалдуу маданиятынын ажырагыс бөлүгү бул – улуттук баалуулуктары. Азыркыдай глобалдашуу заманында биз маданиятыбызды, каада-салттарыбызды, улуттук жөрөлгөлөрүбүздү сактап калууга тийишпиз. Ошондо гана өзүбүздү улут катары сактап калган болобуз.

Ал эми ЮНЕСКОдон каттоого алдыруунун жолу кандай? Бул суроого кыргыз эл жазуучусу Б.Жакиевден ачыгыраак эч ким айталбады. Бексултан Жакиевдин айтымында тигил же бул буюм-тайым же өзгөчөлөнгөн улуттук тамак-аш түрлөрүн ошол улутка энчилеген патент деген жок, же аны күбөлөндүргөн күбөлүк да берилбейт. Болгону мисал үчүн айтсак, кыргыздын улуттук тамагы бозону кыргыздын энчилүү тамагы катары ЮНЕСКОнун реестрине киргизүүгө болот. Ал эми ошол ЮНЕСКОнун реестрине киргизүү үчүн эмне кылуу керек деген сурообузга «бул үчүн атайын мыйзам деле кабыл алуунун кажети жок. Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, Өкмөткө тапшырса, анын негизинде атайын адистер тобу иштеп, мисалы, боз үй кыргыз улутунуку катары эмне өзгөчөлүгү бар, монголдордукунан же буряттардыкынан эмнеси менен айырмаланат аны далилдеп, аныктамасын жасап ЮНЕСКОго сунуш кылуу керек» деп жооп берди.

Демек, бул ишти жылдырууда экс-депутат Турдукан айымдын да аракети керек окшобойбу. Андыктан, орустар айтмакчы «инициатива наказуема» дегендей өз идеясынын ишке ашырылышына түрткү болуу миссиясын да аткаруусу керек болуп тургансыйт. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, жогорудагы маселелерди чечип жылдырууда көптөгөн ачык дагы, жабык дагы, жең ичинен дагы көптөгөн тоскоолдуктар болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости