www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айдарбеков:

Чындык эч убакта тебеленбейт! Мындай пикирди мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Facebook баракчасына жазды. 

--"Жарым жыл мурун, өлкөдө COVID-19 дарты дүрбөлөңгө түшүп, бүт өкмөттүн күчү ошол учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул багытта эң көп ишти Аппараттын Данияр Сыдыков жетектеген тышкы саясат бөлүмү, Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтер алып барды. Буну мен 100% кепилдик менен айта алам, себеби күнү-түнү уйкудан калып иштеп, көп жыйынтыктарды алып келдик. Бул жөнүндө өкмөткө тийешелүү отчет берилген. Албетте, бул мактана турган нерсе эмес, болгону акыркы терс маалыматтардан улам айтканга аргасыз болот экенсин. Азыр бурмалаганга арекет кылып жаткан адамдарды Кудай өзү жазалайт. Чындык эч убакта тебеленбейт! Ошол оор учурдан пайдаланып бизнес кылган, өз кызыкчылыктарын гана ойлогондорго элдин убалы тийсе кана?

Тартылган гранттык каражаттар жана гумжардамдар Республикалык штабтын тапшырмасы боюнча түздөн-түз жоопту органдарга келип түштү. Ошол эле учурда, техникалык жардам, гуманитардык жүк (жеке коргонуу каражаттары, ПЦР-анализдери, экспресс-тесттер, беткаптар ж.б.), аэропортко жана чек араларын өткөрүү пунктарына келгенден кийин дароо эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн штабынын оперативдик көзөмөлу астында түздөн-түз өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын тиешелуу аппараттарынын тышкы саясат бөлүмдөрү, Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтери ички иштерге кийлигишүүгө, келген жардамды кабыл алууга, өзү каалагандай таркатууга укуктары жок. Тек гана башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрду алып барган. Бул багытта бардык элчиликтердеги жана Борбордук аппараттагы дипломаттар тынбай иштешти.

Баарыңыздар билгендей эле, COVID дарты менен өзүм катуу оорудум. Атагүл ооруканлар орун жоктугуна байланыштуу мени госпитализациялоодон баш тартышты. Дары-дармектерди шаар бою издөөгө дуушар болдум.

Биз элибизге кызмат кылып, бүт аракттерибизди ушул багытка жумшаганбыз. Бардык кесиптештериме ыраазымын", - деди Айдарбеков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости