www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын түзүүчүлөрү Нобель сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүндүгүн РФтин Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Кеп Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары Александр Гинцбург жана анын орун басары Денис Логунов туурасында жүрүүдө.

--"Бул Саламаттык сактоо министрлигинин, россиялык окумуштуулардын, академик Гинзбург жана профессор Лoгуновдун эң мыкты жетишкендиги. Бекеринен аларды Нобель сыйлыгына көрсөтүү талкууланып жаткан жок да", — деген Дмитриев.

Эске салсак, Логунов Кыргызстанда туулган.

Түз инвестициялар фондунун директору Lancet журналына саясатты четке жылдырып коюп, вакцина боюнча пикир жарыялагандыгына ыраазылык билдирип, муну түзгөн адамдардын жетишкендиги деп атады.

--"Жарыялабай деле койсо болмок да. Андыктан россиялык журналдардын жана алардын эл аралык алкакта беделдүү болушу россиялык илимдин ийгиликтеринин мындан ары таанылышы үчүн өтө маанилүү", — деген фонддун жетекчиси.

Lancet илимий журналы буга чейин "Спутник V" вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрүнүн үчүнчү вакцинасынын жыйынтыгын, анын майнабы өтө жогору жана коопсуз экендиги жазылган бүтүмдү жарыялаган. III фазада препарат жакшы жыйынтык берерин, коопсуздугун, оң натыйжасы 91,6 пайыз экендигин көрсөткөн. Вакцина эмделген адамды коронавирустун оор түрүнүн жугуп жана ооруп калышынан толугу менен коргойт.

Булак: NazarNews.kg
 

 

 

 

 

Последние новости