www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Абдил Сегизбаев абактан бийликке кайрылды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси, мурдагы президенттикке талапкер, учурда тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаев 6-февралда бийликке кайрылуу жасады.

Ал өзүнүн президенттик шайлоо штабында иштеген адамдардын атайын кызмат тарабынан суракка чакырылуусун негизсиз деп эсептейт. Сегизбаев өз кайрылуусун социалдык баракчалары аркылуу таратып, штабында иштеген адамдар шайлоо мыйзамдарынын алкагында иштегендигин билдирген.

--"Мен бийликке кайрылам: эгер мени кылмышка айыптап жаткан болсоңор, ага менин шайлоо штабымда иштеген адамдардын кандай тиешеси бар? Алар өздөрүнө жүктөлгөн ишти мыйзамдын алкагында аткарышты. Эгер кандайдыр сурооңор болсо мага кайрылгыла, катардагы кызматкерлердин эч кандай күнөөсү жок", - деп жазылган кайрылууда.

Сегизбаев ошондой эле бийликтин дарегине карата айтылган сын пикир үчүн куугунтук улантылып жатат деп эсептээрин кошумчалаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алган. Алар "Фейсбуктагы" билдирүүсү үчүн суралып жатышканы кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости