www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын атуулу Азимбек Бекназаровдун КР президенти Садыр Жапаровго Кайрылуусу
(Уландысы)
3. АКС ЖОЮЛУП, КЫЗМАТТЫК КЫЛМЫШТАР БОЮНЧА ТЕРГӨӨ ЖҮРГҮЗҮҮ УКМКдан АЛЫНБАСА, ТАШИЕВДИ КЫРГЫЗ БЕРИЯСЫНА АЙЛАНТАБЫЗ...
2012-жылдын башында президенттик кызматын жаңы эле баштаган Атамбаев өз Жарлыгы менен жеке өзүнө баш ийген АКС күч органын, тергөө жүргүзүү укугу менен түзүп алган. Конституция боюнча мындай кылууга укугу жок эле. Ал АКС аркылуу өзүнүн саясий оппоненттерин баш ийдирүү, сындыруу максатын көздөгөн. 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө прокуратурадан кызматтык кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүү укугун жоюп, аны өзүнө баш ийген УКМКга алып берип толук …
4. АЛГАЧ ЧЫГАРГАН БЕШ ЖАРЛЫГЫҢЫЗДЫ ОКУДУМ....
Элчилдик, мекенчилдик, улуттук идеологиянын үрөндөрү бар экен. Ушундай улуттук кайра жаралуу багытындагы баалуулуктун үрөндөрү Конституциянын беренелерине да себилишин колго алууңузду өтүнөмүн. Мисалы:
а) 30 жыл бою айрым эл аралык уюмдардын лоббиси менен же болбогон гранттар үчүн же аларга жакшы көрүнүү үчүн эле Конституциябызга дембе-дем киргизилип, бирок элибизге кыпындай жакшылык алып келбеген же иштебеген батыштын либералдык-анархиялык демократиясын, айрым ашыкча кайталанган гендердик, этникалык азчылыктын укуктары менен эркиндиктерин Конституциядан азайтып, алардын ордун өзүбүздүн кылымдарды карытып, кыргызды жоготпой сактап келген улуттук-традициялык демократиябызга багыт алган ченемдер менен көбөйтүүнү;
б) Улуттук-кайра жаралуу идеологиясын бекемдөөчү ченемдерди киргизүүнү;
в) Кылымдар бою улуттук демократиянын туу чокусу катары элибизге кызмат өтөп келген элдик курултай институтун, бийлик менен элдин ажырымын азайтуу, эл менен бийликтин өз ара байланышын, ишенимдерин бекемдөө, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин чыңдоо максатында, элдик курултай жөнүндөгү ченемдерди жогоруда мисал кылып жазгандай Конституциянын бир катар беренелерине шайкеш киргизүү;
г) Конституцияда Укук менен милдеттин тен салмактуулугун карманууну.
д) Кыргызстандын унитардуулугуна, эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына шек келтирүүчү жана кыргыз улутунун бир эл катары бекем трансформацияланышына кедергисин тийгизип жаткан ашыкча «интернационализм», «глобализм», «адам укуктары» багытындагы беренелерди ревизиядан өткөрүп, улут укугуна көңүл бурууну. Мисалы «расмий тил» деген түшүнүктү 2000- жылдагы президенттик шайлоодо орус тилдүү шайлоочулардын добушун алуу үчүн эле, Акаев депутаттар Усубалиев, Текебаевдин авторлугунда Конституцияга киргизген. Азыр мурдагы СССРге мүчө болушкан бир дагы республикада биздикиндей кош тилдүүлүк калган жок. Ал түгүл коңшу Өзбекстан, Казахстан кириллицадан кетишип, латынга өтүштү. Орус тилин расмий тил эмес, «КРда орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары мамлекеттик тил менен катар бирдей колдонулат» - десек мезгилдин талабына туура келет. Бир мамлекетте бир эле мамлекеттик тил болушу кыргыз тилибиздин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. «Орус тилсиз дүйнөгө чыгалбайбыз» - деген азыр жомок.
5. КУМТӨР СИЗДИН ТАКТЫГА ИЛИНГЕН ЧОКОЮҢУЗ....
Кыргызстандагы коррупциянын туу чокусу бул - Кумтөр маселеси. 1992-жылдан ушул күнгө чейин Кумтөр мафиясы, коррупциясы жөнүндө аздыр-көптүр маалыматы бар депутаттар, саясатчылар, президенттикке талапкерлер, президенттер, атайын түзүлгөн парламенттик, мамлекеттик жана коомдук комиссиялар тарабынан негизинен Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн. Башкы Келишим, азыр иштеп жаткан кийинки бардык келишимдер «коррупциялык, Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбаган келишим» деп таанылган. Президент болгонго чейин Бакиев, Атамбаевдер Кумтөрдү «кайтарам» деп да айтышкан. Президент болгондон кийин эле алтын баскан «драконго» окшоп калышты. Жээнбеков, өкмөт башчысы Абылгазиев экөө тең: “Кен-байлыктарды көзөмөлдөө мамлекеттин колунан таптакыр чыгып кетиптир”,-деп мойнуна алышты, бирок кылдай иш кылышкан жок. Кумтөр маселесинде сиздин ордуңуз өзгөчө. Өмүрүңүз, кайгы муңуңуз, кадыр беделиңиз баары Кумтөргө байланыштуу. Кумтөрдү көтөрүп мекенчил саясатчы болуп элге таанылдыңыз, эл сизге «Кумтөр үчүн камалды, азап тартты, жакындарынан айрылды, эми Кумтөрду президент болуп өзү чечет»-деген үмүт менен да добуш берди. Мен сизге 13-октябрда өкмөт башчы болуп, легитимдүү, талашсыз парламенттен бекигениңизде «1-буйругуңуз Кумтөргө байланыштуу болсун»,-деп расмий кайрылдым эле. Мүмкүн бийлигиңиз аздык кылды окшойт, андай болбоду. «Мен изилдеп чыгайын»,-деп койдуңуз парламентте. Изилдегенде эмне, Кумтөрдүн алтыны өзүңүз жакшы билген: 1992-1993-ж.ж. Ш.Мамбетов жетектеген алтын комиссия, 2002-2003-ж.ж. Мыйзам Чыгаруу Жыйыны, 2005-жылы март революциясынан кийин Башкы прокуратура, 2006-2007- ж.ж. 3-чакырылыштын ЖКнын айрым депутаттары, 2009-ж. Ак-Жол парламенти бекитип берген «эл аралык келишими», 2012-2013-жылдары сиз жетектеген парламенттик комиссия, Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия, 2013-2014-ж.ж. Эл-үнү саясый-коомдук уюму, 2018-жылы ондогон саясый-коомдук уюмдардын биргелешип өткөргөн курултайы, 2019-жылы Курултайдын чечимдерин аткаруу комитети тарабынан өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияларда нечен ирет аныкталган мыйзамсыз келишимдер, мыйзам бузуулар, коррупциялык жолдор менен эле казылып, ташылып, экологиябыз бузулуп, ууланып келе жатат. Мунун чын экенин мурдагы экспертиңиз, азыркы экология министриңиз Динара айым (Кутманова) деле тастыктап жатса керек. Менин укукчу катары айтарым башка, ошол 1992-жылы Акаев, Бирштейиндер баштаган кылмыш азырга чейин улантылып жатканы! Кылмыш бүтө элек. Муну Кылмыш Кодексинде улантылган кылмыш (продолжаемые преступление) деп коет. Баш прокурор Салянова мезгилинде парламенттин тапшырмасын аткарымыш болуп, жаңы кылмыш ишин козгоп, бирок эскирүү мөөнөтүнө байланыштырып кайра жаап койгону да кылмыш. Ал жаңы кылмыш иш козгобой, мурда козголуп өндүрүштөн убактылуу токтотулуп турган кылмыш иштерди жандандырыш керек болчу, ошондо эскирүү мөөнөтү болбойт эле. Анткени, 1992-жылы башталган кылмыш азыр да улантылып жатат. Болгону кылмыштын катышуучулары улам жаңы президент келген сайын жаңыланып туру. Экинчиден, эң башкы күнөөкөрлөр Акаев, Бакиевдер жазаланмак тургай суралган да жок! Мурда суралып (азыр да издөөдө) үй камагында жүргөн Танаев, аны 2005-жылы кеч күздө «Москвага дарыланууга тил кат беришип узатышкан” депутатар да суралбады. Негизги маселе кимдир бирөөнү сөзсүз эле каматуу эмес, мыйзамсыз ташылып кетип жаткан элдин байлыгын кеч болсо да сактап калуу, чет элдиктерге берилген мыйзамсыз лицензияларды кайтаруу, кен-байлыктарды иштетүүнү мамлекеттин көзөмөлүнө алуу, кен чыккан жерди инвесторлорго берүүдө, элдин үлүшүн 51 пайыздан кемитпөө (азыр элдин үлүшү бир дагы кенде аныкталбаган), Өкмөт менен келишими жок туруп кен казууларга тыюу салуу, ( Жер-Үй , Чаткал ж. б. зоналарда). Коррупциялык жол менен «эл аралык статусун» алган Центерра Голд компаниясы менен түзүлгөн 2002 жана 2009-жылкы келишимдерди түзүшкөн, колдогон, добуш берген чиновниктер менен, депутаттарды эл душманы катары элге жарыялоо сиздин негизги тарыхый ишиңиз болуш керек.
Эгерде сиз Кумтөргө жана башка кен байлыктардагы коррупцияга чекит койбосоңуз, сиздин бийлик дагы Кумтөр коррупциясы боюнча кылмышты уланткан болосуздар! Анткени, Кумтөрдүн экологиялык, материалдык зыянынын орду толгус: миң тоннадай алтын, күмүш, теллуй, вольфрам ж.б. баасын айтпаганда да алтын жууган эле бир литр таза сууну бир сомдон эсептегенде, жүздөгөн триллион сом болорун эксперттер сизге эсептеп беришсе керек.
6. КЫРГЫЗДЫН ПРОБЛЕМАСЫ БИР ГАНА КУРСАКТЫН БӨКСӨЛҮГҮНДӨ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨЗ ЖЕРИНДЕ КАДЫРЫ ЖОК, ЖАН ДҮЙНӨСҮНҮН ЖАРДЫЛЫГЫНДА...
Кыргызстандын жарандарынын жан дүйнөсүнүн азыркы абалын акыркы эки шайлоодогу (2020-ж. 4-октябрь жана 2021-ж 10-январь) активдүүлүгү жана ээлеген позициялары менен салыштырып карап, болжолдуу анализ жүргүзсөк жалпы калкыбызды беш категорияга бөлүүгө болот экен. Шакемдин (Дүйшеев) «Кайдыгерлик» деген ырынын кармандары болгон “мага барибир кайдыгерлер” 1-орунга чыгышат. Алар болжол менен жалпы Кыргызстандын элинин 50 пайызын түзөөрүн акыркы эки шайлоодо көрсөтүштү. Айрыкча, 2020-жылдын 4- октябрындагы шайлоодо «канча бересиңер» деп, бийликтин бай партиялары менен соодалашып жүрүп активдүүлүгүн көрсөтүшсө, 2021-жылдын 10-октябрындагы референдум менен президенттик шайлоодо «акча бербесе шайлоого барбайм» - деген позицияда турушуп, көпчүлүгү шайлоого жана бийликтин формасын тандоого катышкан жок. Бул шайлоодо өлкөнүн эртеңкисине кайдыгер эместер негизинен активдүүлүктү көрсөтүп, шайлоо менен референдумга болгону жалпы шайлоочулардын 39 пайызы араң катышты.
Демек жан дүйнөсү боюнча улуттук-мекенчилдик принциптерди карманышкан сатылбагандар жалпы калктын болжолдуу 30 пайызын түзөт деп аларды 2-орунга койсок болот. Ушундай адамдарыбыз бар үчүн келечектен үмүт үзбөйлү! 3-орунду 10 пайыз менен «киргиздер» менен орусчулдарга, 4-орунду 9 пайыз менен ашкере исламчыл «сакалчан дамбал» кийгендерге, ал эми калган бир пайызды «батышчыл көктөргө» берүүгө туура келет. Буларды эмне үчүн жазып жатам, урматтуу президент! Улутубуздун карды эле ач эмес, жан дүйнөсү да жарды бойдон экенин айткым келет. «Үчүнчү революция - жан дүйнөнүн революциясы болсо экен» деп 2016-жылы улуттук-мекенчилдердин “Ак-Кемеде” өткөн бир жыйынында айтсам, Атамбаев: «Канга тойбогон кузгундар үчүнчү революция кылганы жатышат... аларды жолотпогула, таш бараңга алгыла...» - деп катуу реакция кылды эле. 1917-жылдагы Октябрь Революциясынан кийин коммунисттер саясый, индустриялык, кооперациялык жана маданий революцияларды жүргүзүшкөн. Биз кыргыздар болсо мурдагы эки революциябыздан кийин (2005-ж. март жана 2010-ж. апрель) негизинен бийлик, байлык бөлүштүрдүк андай пландуу реформаларды жүргүзө албадык. Сиз ал катачылыкты кайталабай, жок дегенде өз жеринде кадыры жок кыргыздын жан дүйнөсүнө бүлүк сала турган «МЕН КЫРГЫЗ ЭКЕНИМЕ,МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК БОЛГОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ»-деген ураан менен саясый-маданий идеология иштерин жүргүзүүнү сунуш кылам. Албетте, 30 жыл ичинде кыргызга бүткүл дүйнө эли суктана турган үч революцияны кыргыз эли өзү жасады. Муну башты бийик көтөрүп, сыймыктанып белгилеп жүрүү керек. Бирок ал элдин жеңишин революциядан кийин бийликке келген “революционер - президенттер” “революцияң ушул болсо” - деп түкүрүнгөндөй жер менен жексен кылышпадыбы?! Ага элдин күнөөсү жок. Сизди так ушудан сак болууга чакырам....
КР атуулу Азимбек Бекназаров
Булак: NazarNews.kg